Ысык-Көл
Ысык-Көл ОИИБинин уюшкан кылмышка жана коррупцияга каршы бөлүмүнүн из кубарлары опузалап акча өндүрүп жүргөн уюшкан кылмыш тобунун мүчөсүн колго түшүрүштү. ИИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче, из кубарларга белгисиз адамдар фермерди коркутуп акча талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматты текшерүү учурунда эки белгисиз адам Түп районунун тургунун коркутуп 2 миң доллар талап кылып жатканы билинет. Рэкетирлер тез-тез келип коркутушуп, акыркы келишинде 15 миң сомун тартып алышкан. Шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болуп чыгышкан. Жакында атайын операция учурунда алардын бири, уюшкан кылмыштуу топтун 27 жаштагы мүчөсү кармалып, экинчисине издөө жарыяланды. Түп РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 170-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.