Ысык-Көл
Балыкчы шаарында жол кырсыгынан улам 4 адам кайтыш болду. Окуя 8-апрель күнү кечки саат 6:30дар чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 167-чакырымында болуп өткөн. Фольксваген менен Мерседес үлгүсүндөгү эки унаанын кагылышуусунан 4 жүргүнчү каза таап, дагы 4 адам түрдүү жаракаттарды алышкан. Алардын ичинде 7 жашар өспүрүм да бар. Жабырлануучулар кырсыктан кийин эле Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилгени маалым болду. Каза болгондор ошол эле оорукананын моргуна түшкөн. “Кырсык каш менен кабактын ортосунда” деген ушул, тууган. Сапарга чыгып руль кармаган айдоочулардан өтө сактыкты гана тилеп каласың мындайда. Ал эми кимдин унаасы жолдон чыгып кетип өлүмгө себепчи болгонун тийиштүү органдар тактамакчы.