Жалал-Абад
КРнын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Жалал-Абад аймактык өкүлчүлүгү, Сузак районунун жетекчилиги жана “Элет жаштары” коомдук бирикмеси тарабынан жакшы жөрөлгө. Бүткүл дүйнөлүк улуттар уюмунун өнүгүү программасы тарабынан каржыланып, Сузактын Жашасын айылында жаштардын кеңешме борбору ачылуу алдында турат. Борбор компьютер сыяктуу керектүү жабдыктар менен камсыздалып, жаштарды кызыктырган түрдүү темаларда окуу семинарлары өткөрүлүп турмакчы. Ошондой эле бул борбордо Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча курстар өтүп, Кызыл-Көл, Кызыл-Туу жана Ырыс айылынын жаштары менен тыгыз иш алып барат. Жаштардын башын бириктирүүчү бул кеңсенин расмий ачылыш аземи 12-апрель күнү облус, район жетекчилеринин катышуусунда болмокчу.