Баткен
Баткен шаарынын тургундары режиссёр Актан Арым Кубаттын “Свет аке” тасмасын көрүп, кыргыздарды бүт дүйнөгө шылдың кылганын айтып нааразычылыктарын билдиришүүдө. Кеңсебизге келген Баткен облусунун тургуну Кочкоров Апызали бир топ адамдын колу коюлган кагазды бийликтеги “чоңдорго” да жөнөткөнүн кеп салды. Арыз катынын мазмуну төмөнкүдөй экен: “Жарнамадан кайра-кайра берип жатып, 6-январь күнү “Свет аке” тасмасын көрсөтүштү. Биз бул фильмди көргөн соң жан дүйнөбүзгө кара жылан сойлоп киргендей абалда калдык. Аталган кинодогу “Төө чечмей салты” кыргыздарды айбанга теңеп салды. Кыргыз экенине алар уялбаса, биз уялабыз. Буга ким жооп берет? Чет өлкөлүктөрдөн акча алып, алардын буйругун аткарган кыргыз улутунун кызыкчылыгын саткан кыргыз сөрөйлөргө биздин арабызда орун жок болушу керек”,- деп катуу нааразы.