Талас
Өткөн саныбызда Таластан Алия деген окурманыбыз “жөлөк пул менен сүйүнчү пулдун ордуна базардан кымбат баада самын-айна беришет” деп кайрылганын жазган элек. Тиешелүү мекемелердин жообун да жарыялаганбыз. Бирок “Кыргыз почтасынын” Талас райондук башкарма бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Дүйшөнбиев кайрадан редакцияга чалып: “Макаланын аталышынан улам биз атайылап самын бергендей болуп калыппыз. Биз эч кимди "жөлөк пулдун ордуна кир жуучу каражатын аласың" деп мажбурлабайбыз. Ушул нерсени баса көрсөтүп белгилеп берсеңиздер. Өткөн сапар 10 сомдук самынды 13 сомго сатабыз дегеним мисал гана болчу”,- деди.
Кийинчерээк Бишкек шаарындагы “Кыргыз почтасынын” өкүлдөрү да чалып, бул маселени териштирүү үчүн тиешелүү адистер текшерүүгө Таласка кетип жатышканын кабарлашты. Биз мамлекеттик мекемелердин калктын көйгөйлөрүн чечүүдө ыкчам иштей башташканына кубандык.