Талас
29-мартта Талас районунун Кум-Арык айылында жайгашкан балдардын жардамчы жатак-мектебинин 11 кызматкери "себепсиз кызматтан кетирилдик" деп элдик жыйын өткөрүштү. Райондук бийлик жана укук коргоо өкүлдөрү катышкан бул жыйында интернат жетекчилигине нааразы мугалимдер арыз-муңдарын айтышты. Жыйынга мектептин директору Кенжаалы Орозалиев жана анын талапташтары катышкан жок.
Кызматтан четтетилген мугалимдер 2011-жылы интернаттын жетекчиси мугалимдердин маянасынан жүз миңдеген акчаларды кармап алганын айтышууда. Мугалим Г.Стамкулова:
– Биринчи айлык көбөйгөндө ар бир мугалимден алган айлыгына жараша 3-5 миң сомдон кармап калган. Стимгрантыбызга (дем берүүчү кошумча каражат) кол койдуруп, болжол менен 400 миң сомдой акчаны да алып койду. Айлык алган ведомость бухгалтерияда эмес, завхоз же завучтарда болот. Алар бизди коркутуп айлыкка кол койдуруп турчу,- деп билдирет.
Интернатта түзүлгөн кырдаал боюнча айыл тургундары эки жаатка бөлүнүп калганы байкалды. Талас районунун акими Б.Сейдибалиев мектеп-интернат түздөн-түз КРнын Билим берүү министрлигине баш иерин айтып, борбордон атайын комиссия келгиче элди сабырдуу болууга чакырды.
Директор К.Орозалиев болсо:
– Менин ишимди Каржы полициясы, ИИМдин алдындагы экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы да текшерип, иликтеген. Прокуратуранын текшерүүсү да аяктап калды, жеп-ичип койду деген фактылар далилденген жок,- деп билдирди.
Учурда эки тараптын бири-бирине каршы жазган арыздары Талас райондук сотунда каралып жатат.
Козубек Иманкулов