Талас
Талас ОИИБинин уюшкан кылмышка жана коррупцияга каршы бөлүмүнүн кызматкерлери облустук кесиптик-техникалык лицейлердин биринин директорунун орун басарын пара алып жатканда кармашты. ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, аларга алдын ала маалымат түшкөн. Текшерүү учурунда кесиптик лицейдин директорунун орун басары мурун жумуштан бошотуп жиберген адамды кайра алуу үчүн пара талап кылгандыгы айкын болгон. Аны 6-апрелде 2500 сом пара алып жаткан жеринен милиция кызматкерлери кармашты. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.