КӨКБӨРҮ – КЫРГЫЗ СПОРТУНУН ЖҮЗҮ

КӨКБӨРҮ – ЭР-АЗАМАТТАРДЫН ОЮНУ

Күжүрмөн кыргыз эли байыркы мезгилдерден бери эле жашап келаткан улуттук оюндарыбыз менен сыймыктана алат. Өзгөчө калк арасында ат оюндары кеңири жайылган (көчмөн жашоого байланыштуу). Мындай оюндар эл арасында намысты алдырбаган чыныгы эрлердин чыгуусуна шарт түзгөн. Мына ушундай оюндардын эң улуусу болуп көкбөрү саналат.

ТАРЫХЫНАН

Кыргыздардын жылкыга жасаган өзгөчө мамилеси, ат оюндарына кызыгуусу байыркы замандардан эле болгондугу маалым. Илгертеден эле кыргыздардын бир да майрамы көкбөрүсүз өткөн эмес. Мейли ал чоң той болсун, бешик той болсун же согуштагы жеңиш болсун, жадакалса тарыхта жөн гана доор алмашканда да улак тартылгандыгы маалым. Айтор, көкбөрүнүн тарыхы кыргыз элинин тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Элибиз көз карандысыздыкка карай улуу жолдо улуттук маданиятын жоготпой сактап келгендей эле көкбөрүнү да унутушкан эмес. Албетте, көкбөрүгө тыюу салынып, анын жок болуп кетүү коркунучу алдында калган күндөр да болгон. Ал мезгил улуттук өз алдынчалык колдоого алынбаган совет мезгилине дал келген. Бирок кылымдарды карыткан оюн бардык сыноолордон татыктуу өтүп, ушул күндөргө чейин сакталып калды. Эми бүгүнкү күндө кыргыздын азаматтары той-топурлардан тышкары Көз карандысыздык майрам күнү да ат жалында өз өнөрлөрүн тартуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Айта кетчү нерсе, көкбөрүнү олимпиадалык спорт түрлөрүнүн катарына кошуу аракеттери жасалып жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Азырынча бул демилге кыял болуп турат.

ЭМНЕ ҮЧҮН КӨКБӨРҮ?

Улак тартыштын көкбөрү деп аталышы элибиздин башынан өткөргөн кадимки эле жашоо-тиричилигинен алынган. Учурунда жалпы элдин малы ачык асман алдында эч кандай короосуз багылып келгендиги белгилүү. Андыктан мындай абалда көчмөндөрдүн башкы душмандары бөрүлөр болушкан. Ач жапайы жырткычтар малга кол салып, элге көптөгөн зыян алып келишкен. Мына ошондо малчылык менен жашоо кечирген көчмөндөр атчан болушуп, бөрүлөрдү чогулуп алышып кубалашкан. Ал мезгилде эч кандай ок атуучу курал жок болгондуктан, камчыны пайдаланышчу. Ал эми улак тартыш душманга каршы күрөшүүгө карата даярдык болгон.

КАЙРА ЖАРАЛУУ

Улуттук көкбөрү оюнун кайра жаратуу идеясы 1995-жылы «Манастын» 1000 жылдыгында атактуу “Ашхабад – Самарканд – Ташкент – Жамбыл – Бишкек – Талас” ат марафонунан кийин пайда болгон. Ошондо эл аралык ат жарышта кыргыздын аргымактары жеңип чыккан эле. Көп узабай Көкбөрү федерациясы түзүлүп, оюндун жаңы эрежелери иштелип чыккан. Учурда көкбөрү өлкөбүздөн тышкары Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Кытай, Түркия жана Орусияда кеңири жайылган. Андыктан көкбөрү боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүү боюнча атайын комитет иш жүргүзүүдө. Жыл сайын Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата эл аралык мелдештер өтүп келет. Кубандырганы, “ат жалында кыргыз гана алдырбайт” дегендей, азырынча ата мекендик улакчыларыбыз намысты эч кимге алдырыша элек.

КӨКБӨРҮНҮН ӨНҮГҮҮСҮ колдоодон КӨЗ КАРАНДЫ

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда көкбөрү боюнча 80ден ашуун команда бар. Тилекке каршы, алардын 10го жакыны гана эл аралык мелдештерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Буга себеп – каражаттын жетишсиздиги. Анткени аргымактарды багуу, таптоо жана аларды мелдештерге жеткирүү үчүн көп каражат сарпталары анык. Айтор, көкбөрү каражатты көп талап кыла турган спорт түрү болуп саналат. Орто эсеп менен бир мелдешти өткөрүү үчүн бир нече миллион сом керектелет. Андыктан кыргыз спортунун визиттик карточкасынын өнүгүшү колдоодон көз каранды.

ИИМдин кубогу аяктады

23-февраль – Мекенди коргоочулардын күнүнө карата өткөрүлгөн республикалык «Аккула» ат майданында көкбөрү боюнча КРнын ИИМинин кубогу жыйынтыкталды.

ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бактыбек Сеитовдун айтымында, мелдешке баш-аягы өлкөбүздүн бардык аймагынан тандалган тартип сакчыларынан куралган 13 команда катышты. 5 күн бою күнүнө 5тен кызуу беттештерге күбө болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон көкбөрү сүйүүчүлөр үчүн бул мелдеш чоң майрам болду. Жыйынтыгында, чечүүчү оюнда чемпиондук үчүн ИИМдин Борбордук аппаратынын жана Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгынын көкбөрүчүлөрү өз ара күч сынашышты. Жеңишке атаандаштарын 9:1 эсебинде артта калтырган ИИМдин Борбордук аппаратынын командасы ээ болду. Мелдештин байге фонду төмөнкүчө бөлүштүрүлдү: 1-орунду ээлеген командага кубокко кошо ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаа сыйлыкка берилсе, 2-орунду ээлеген команда 150 миң сомго ээ болду. Ал эми 3-орунду ээлеген Нарын облусунун ИИБнин командасы 100 миң сом акчалай сыйлык алышты.

Ошондой эле командалык эсептен тышкары жеке спортчулар да акчалай сыйлыктарга татышты. Алсак, “Эң мыкты көкбөрүчү” – Эрмек Шекитов, (Нарын облусунун ИИБи),­ “Мыкты бомбардир” (тайказанга 18 жолу улак таштаган) – Радмир Саманчиев (ИИМдин Борбордук аппараты), “Эң жаш көкбөрүчү” (18 жаш) – Элдияр Тургунбеков (Чүй облусунун ИИБи) жана “Эң улуу көкбөрүчү” (61 жаш) – Кемел Сманалиев (ИИМдин мамлекеттик атайын адистешкен күзөт кызматынын башкы башкармалыгы).

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 330, 27-февраль - 5-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан