Нарын
7-апрелде Нарын районуна караштуу Куланак айылдык округунда грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында райондук биринчилик аяктады. 2010-жылы кандуу Апрель окуясында көз жумган Кожобеков Рахаттын жаркын элесине арналган мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, ага Нарын районунун 11 айыл өкмөтү катышты. 182 балбан 12 салмактык категориясы боюнча кармаш жүргүзүштү. Байгелүү орундарды кошкондо командалык эсепте биринчи орунду Орто-Нура айылы алды. Экинчи орунду жан-булактыктар жеңишсе, үчүнчү орунду Нарын шаарындагы жатак-лицейдин окуучулары камсыздай алышты. Айта кетсек, теңир-тоолуктар бул мелдеш менен чектелбей, жакында Нарын жергесинде күрөштүн дал ушул түрү боюнча өлкө биринчилигин уюштуруу планы бар экенин билдиришти.