Нарын
Жумгал районунун акими Адылгазы Исагуловдун билдиргени боюнча, айдап-себүү иштери 10-апрелде башталды. Калк үчүн айдап-себүүдө күйүүчү май менен техниканын акысына бирдей баа коюлду. Тактап айтканда, айдап-себүү, тегиздөө иштерине 1 гектарына 50 литр май, техниканын акысына 1200 сом төлөнөт. Ал эми алыскы айылдар үчүн 1400 сом төлөм бекитилди.