Нарын
10-апрель күнү Нарын шаарында оптимисттик дем берген ураандын астында жөө жүрүш болуп өттү. Бир тараптан “Биз СПИДге каршыбыз”, экинчи тараптан “Кургак учук айыгат” деген лозунгдарды кармап жөө жүрүшкө чыккан катышуучулар шаардын борбордук аянтынан жолугушту. Аталган иш-чара окуучулар жана студенттер аралык плакаттар сынагы менен да коштолду. Сынакка комиссия болгон Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын кызматкери Динара Жунусова: “Сынакка катышкан жаштар СПИД жана кургак учук оорусун жуктурбоо жана сактануу жолдорун чагылдырган плакаттары тууралуу ойлорун айтышты. Комиссия алардын чыгармачылык өнөрлөрүнө да көңүл бурду”,- деп билдирди. Жыйынтыгында Нарын шаарындагы №87-кесиптик лицейинин студенттери жеңишке жетишти. Албетте, СПИД өңдүү оор дарттар менен күрөшүү, алдын алуу ар бир адамдын өзүнөн башталат. Жаштар арасында мындай акциялардын өтүп турушу дени сак коомду түзүүгө өбөлгө гана болмокчу.