ВИРТУАЛДЫК ТААНЫШУУ КЫЛМЫШ МЕНЕН БҮТТҮ

Азыркы убакта биздин жашообузда интернеттин орду чоң. Мунусу жакшы болгону менен, анын залалын тарткандар да жок эмес. Каарманыбыз Фатима да интернеттеги таанышуу бурчунан бир жигит менен таанышып, тагдырына балта чабылып отурат.

КЕЗЕКТЕШИП БИР НЕЧЕ СААТ...
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон. 30 жаштагы Фатима (тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн жабырлануучунун аты-жөнү өзгөртүлдү) интернеттеги таанышуу сайттарынын биринен бир жигит менен таанышып калат. Экөө бир нече күн интернет аркылуу байланышып, мамилелер өсүп отуруп, 21-март күнү жолугууну белгилешет.
Алгач кафеде отурушат. Анан Магомед деп таанышкан Жапар Курбанов Фатиманы конокко чакырат. Шаар ичинде бир күнгө берилүүчү батирлер көп эмеспи. Ошолордун биринде Жапардын Юрий жана Бислан деген достору аларды күтүп отурушкан. Майрам төртөөнүн ортосунда уланып, үчөө “кеч болуп калды, кетейин” деген Фатиманы кетирбей коюшат. Жакшынакай эле көрүнгөн жигиттин бет кабы ачылып, эми башка кишиге айланат. Батирди ичинен бекитип алышып, кыйкырмакчы болгон кыздын кекиртегине бычак такап коркутканга өтүшөт. Сомодой болгон үчөө кызга зордоп арак ичиришип, кезектешип бир нече саат зордукташат. Түн бир оокумда үчөө тең уктап калганда Фатима үйдүн ачкычын таап, качып чыгат. 1-кабаттагы бир үйдүн каалгасын такылдатып, үй ээсине окуяны түшүндүрөт. Милицияга телефон чалып, алар келгенче үйүндө жашынып турганга уруксат алат.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жетип барышканда аларды денеси көк ала, кийимдери айрылган кыз тосуп алат. Жабырлануучу көрсөткөн батирге кирген учурда зордукчулар уктап жатышкан экен.

“ҮЧӨӨЛӨП ЗОРДУКТАШЫПТЫР”
Октябрь РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Улан Айтбаев буларды маалымдады:
– Үстүбүздөгү жылдын 22-мартында Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаардын 5-кичирайонунда зордуктоо болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ошол замат оперативдүү топ окуя болгон жерге барган. Ал жерден 1982-жылы туулган Р.Ф. аттуу Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын тургуну аны бир нече киши зордуктаганын айткан.
Батирден кылмышка шектүү делинип Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын 21 жаштагы тургуну Жапар Курбанов, Чолпон-Ата шаарынын 34 жаштагы тургуну Юрий Клименко жана Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну Бислан Куцаев кармалды. Үчөө тең зордуктагандарын моюнуна алышып, алардын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бул ишке шектелип кармалгандар СИЗОдо, тергөө иштери жүрүп жатат.

Күн санап интернет кучак жайып эле келе жатат. Бул окуя, балким, бал сөздөргө ишенип, алданууга даяр турган кыздарга арам ниетте интернетте ууга чыккандарды эсине келтирип, сабак болор. Айланайындар, абайлагыла!

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Виртуалдык таанышуу кылмыш менен бүттү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (65)
meka_90
2012-04-17 18:51:29
Кыз озу кафеден кийин не хатага барды билбейм. Ушу турундо корунуп турган ужас менен кантип кафеге кирди тушуно албай турам. Менимче кыз деле ушуларга окшош бир неме окшобойбу.
0
aikoledi
2012-04-17 19:16:34
озу куноолукен рас болот чала
0
maisal1919
2012-04-17 21:03:25
ирас болуптур уй козун кыспаса бука жибин узбойт
0
zai8787
2012-04-17 23:28:06
Короче это женщина сама виновата! А зачем вслед за ним пошла на хату? Вот дурочка!!! А вот этим ублюдкам слов нет....Мало того что живут в чужой стране, и совершают ужасные поступки....НАКАЗАТЬ!!!!
0
ruslan1969
2012-04-18 03:02:38
Эй оозуна алы жетпеген инилер силер каяктан жаралгансынар аялданбы кунаажынданбы карындаш эжеден кол жууп калгансынарбы?ушуну окуган кылмышкер эмне деп ойлойт?бироон барып чечендин кызына жон эле козсалып койчу эмне кылар экен.
0
nasi
2012-04-19 15:23:23
ruslan1969, биздин кыргыздын чыныгы Жигиттри болсо бул жерде ушакташып отураганча ишин кылып кетмек а булар отурбайбы кызга куноонун баарын коюп. Намысы жок биздин балдардын кыздарын оргой
0
nasi
2012-04-19 15:27:20
Руслан туура айтат биздин кыргыздын чыныгы Жигиттери болсо бул жерде ушакташып отураганча намысты коргоп ошол балдарды жазалашса болмок булар отурбайбы кызга куноонун баарын коюп. Намысы жок биздин балдардын кыздарын коргой албайт
0
nightman
2012-04-20 13:25:28
nasi, kyrgyzdyn owondoi kyzdaryn kim korgomok ele/ anday buzulgan kyzdardy owentip jazalaw kerek/ sabak bolot/
0
Discover
2012-04-20 20:21:06
nightman, бузулган кыз экенин каяктан билесин. же аны тааныйсынбы?Сенин карындашынды башка билбеген бала бузулган кыз, аны зордукташ керек десе сага жагабы? каяктагы балээни былжырабачы. если по твоим словам судить, то каждую вторую девушку надо насиловать, потому что она поверила парню? ты только что доказал правдивость того что русские нас называют, безграмотными баранами спустившимися с гор. и к всеобщему нашему позору это правда.. жаль...
0
Discover
2012-04-20 20:12:28
ruslan1969, правильно. если не дай бог потенциальные насильники прочитают, а таких много, уверяю Вас, то что они подумают. они подумают, что им такое позволено, потому что такие темные люди как вы поносят жертву, а не наоборот. кыкендердин ой жугуртусу кечээ эле тоодон тушкондой. мне за Вас стыдно.
0
gulua
2012-04-18 15:38:36
озунон бу озунон эмеспи но эти парни просто звери
0
SNBek
2012-04-18 18:28:55
попробуй какую нибудь кавказку тронуть долго жить не будеш... Мы слабы КЫРГЫЗЫ
0
Murat625454
2012-04-19 11:51:50
Aiba2106 Менин айтканымды кылган адам антип сразу эле постелге кирбейт биринчи таанышып жон жолугуп журуп анан дальше больше кетсе болот деген ойдо айтып жатам элдин баары эле тушунуп туротко сен кантип сразу жаман ойдо ойлойсун .Мен куноолуу болуп аларды мен постелге жаткырып берес анда другой разговор
0
umar_kg
2012-04-20 06:49:10
Тообо кандай шумдуктуу нерсе, кызга чала болот, башын иштетбейби. Мусулман бир туугандарым ыймандарыбыз кайда баратат.
0
konya
2012-04-20 12:49:23
озу повод берген турбайбы, бул мындай окуянын чети эле да шаарда бир тундо буга окшогон окуялардын канчасы отот. кыздар болсо угуп, билип туруп ушундай иштерге бара берет. кыскасы башын иштебесе башка жерине куч келет деген ушу да.
0
nightman
2012-04-20 13:22:26
4 toono ten soop bolot. kyzdyn da mmesi jok. anday kyzdardy owentiw kerek a to kyrgyz kyzdary buzulup bara jatat
0
Discover
2012-04-20 20:33:37
nightman, сиз ошондой кыздарды ошентиш керек деп агитация жургузуп жатасызбы? "Ты в ответе за тех, кого приручил" деген созду билесизби? сиздин созунузду угуп алып, балдар направо и налево зордуктай бергенин каалап жатасызбы? жазганызды окуп алып аа жаш бала го десем 30 ка чыгып калган эле "жигит" экенсиз, или вы сами любите насиловать по ходу.Аллахтан корксонуз боло. вот и наше хваленое высшее сознание, дети Манаса...русский парень никогда так не скажет.
0
nightman
2012-04-21 13:20:41
Discover, CHon kyz byljyrabachy degendey kimsin/ Alhamdulillah menin yimanym ordunda men antip aytkanga barbaym. men sizge tuwundurup berein: al kyz al adamdy bilbey ele 1-taanywkan kunu ele aga makul bolup tundo ataiyn arenda algan kvartiraga barsa/ anda liuboi ele erkek owentip oiloyt da/ ewe uyundo 3 erkek mn karangyda otursa. any ukkan kyzdar myndan sabak alat dep oiloim.
0
Discover
2012-04-20 20:06:08
эмне эле байкуш кызга секирип атасынар. кыздар канчалык ишенчээк болот экенин силер, достор, унутуп коюп жатасынар.жон эле отуруп суйлошуп келем деген ою менен кыз барды да. озу аран психологиялык жактан жаман болуп журсо силердин комментинерди окуп алып озун озу олтурсо эмне болот? силер куноолу болосунар
0
Mirjana
2012-04-20 20:08:10
Биринчи жолу коруп эле жана уйуно чакырган балага маакул болгон эжеде да куноо,ал бала да анын ушундай слабый жагын билип алып, алдап,эч нерседен коркпой ээрчитип барды да!
0
Shah
2012-04-20 23:29:11
Кыз бозуп алып энесин коркутат деген ушул болот!!!
0
mikluha
2012-04-21 12:28:16
Кайсы кыз ушу келесоо менен жолугушууга барат?
0
№ 493, 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан