Нарын
Ат-Башы районунда Жолдубай Кайыпов атындагы мектептин директору 11-класстын окуучусун швабра менен токмоктогон. Бул тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун ММК өкүлдөрүнө кабарлады. “Айрым маалыматтарга караганда, директор окуучуну 50 жолу урган. Дарыгерлер керектүү жардамды көрсөтүшкөн. Азыр окуучунун абалы жакшы”,- деп билдирет Турсунбек мырза.
Акыйкатчынын айтымында, мектептин директору окуучунун ата-энесине кайрылып, алардан милицияга арыз бербешин суранган.