ДОСТУК УУРУЛУККА БӨГӨТ ЭМЕС

Чүй

7-апрелде түн ортосунда Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Пригородное айылында каракчылык болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барган учурда үй ээлери каракчыны кармаганга үлгүрүшкөн.
ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, 6-апрелде кечки саат 11:50дө меймандан үйгө келген жубайлар терезелер ачылып жана буюм-тайымдардын иретсиз чачылып калганын көрүшкөн. Үй ээлери үйгө бирөө-жарым киргенин түшүнүшкөнү менен, чакыруусуз келген “түнкү конок” дале үйдө экенин билишкен эмес. Башка бөлмөгө кирген үй ээсинин аялы кокусунан парданын астынан эркектин бут кийими чыгып турганын байкап калган. Жубайлар абдырап калбай, каракчыны кармоого аракет кылышкан, бирок бет кап кийген белгисиз адам каршылык көрсөтүп, качып кетүүгө аракет жасаган. Кармашып жатып каракчынын бет кабын жулуп алышса, ал уулунун досу экени белгилүү болгон. Көрсө, ууру үйдөгү ноутбукту жана башка буюмдарды уурдап кетүү үчүн кирген экен. Ошентип, Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин 23 жаштагы тургуну кармалды. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
altyshka1992
2012-04-19 15:35:00
kazyrky ubakta biroogo ishenish kyiyn bolup kaldy go. ozuno anan ata-enene ele ishinish kerek eken
0
№ 493, 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан