ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (16-апрелден 22-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта айланадагы адамдар менен кайым айтышуулардан башталышы мүмкүн. Капаланбай туруңуз, аптанын ортосу сизге болуп көрбөгөндөй ийгилик алып келет дешет жылдыздар. Каржылык абалыңыз жакшырып, ийгиликтүү адамдар менен мамиле курушуңуз ыктымал. Аптанын аягында өзүңүздү чарчаңкы сезесиз. Таза абада сейилдөө менен сергип алганыңыз оң.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Акча жаатында маселелер чыгышы күтүлөт. Акыбалды жакшыртууда кесиптештердин жардамы тийиши ыктымал. Үй-бүлө мүчөлөрү арасында тил табышпастыктардан улам чыр чыгуу коркунучу бар. Мындай учурда өзүңүздүн көз карашыңызды далилдебей эле койгонуңуз туура. Эс алууну эңсеп жүргөндөр үчүн апта аягында жагымдуу жагдай түзүлмөкчү.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Ийгиликтүү келишимдер түзүлүп, ишиңиз оңунан чыгат. Бирок аптанын экинчи жарымы бир аз кыйынчылыктар менен коштолмокчу. Чөнтөк жааты оорлоп, насыя алышыңыз ыктымал. Жакын адамдар менен мамилеңизди бузбаганга аракет кылыңыз. Апта соңунда сүйүктүүңүз менен эс алууга мүмкүнчүлүк жаралат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул апта жагымсыз жагдайлар менен коштолбойт. Үй-бүлө арасында, сүйүшкөндөр ортосунда мамилелер жакшырып, жан дүйнөлөр ырахат алат. Иште бирөөгө жагалданам десеңиз, ал адамдан орунсуз сөз угуп калышыңыз ыктымал. Ден соолук жаатында өнөкөт оорулардын козголуусу мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптанын башталышы менен пландалган иш-чаралар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратмакчы. Андыктан идеяларыңызды ишке ашырууга аракет жасаңыз. Ишиңизде башчылар менен мамилеңиз катаалдашып, оорчулук туудурушу ыктымал. Түгөйлөр арасында бардыгы өз калыбына келип, гармония жаралмакчы. Көнүгүүлөрдү жасап туруу менен муун ооруларынын алдын аласыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бир аз кыйынчылыктар менен башталган апта сизди түпөйүл кылышы мүмкүн. Көп маселелерде чечим кабыл алууга туура келет. Жалган айыптоолорго калышыңыз ыктымал. Жакын адамдарыңыздын колдоосуна арзыйсыз. Аптанын аягы жагымдуу маанай тартуулайт деп ишендиришет жылдыздар.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жалпысынан апта ийгиликтүү болгонуна карабастан, башталышы көптөгөн маселе жаратат. "Көз – коркок, кол – баатыр" демекчи, кыйынчылыктарды жеңе билүүңүз абзел. Жакын адамдарыңыздын кеңешин угуу ашыкча кылбайт. Оор учурда сүйүктүүңүздөн колдоо аласыз. Апта аягында мааракенин күбөсү болушуңуз ыктымал.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Тил табыша билүү жөндөмүңүз айланаңызга жаңы достордун көбөйүшүн камсыздайт. Капчыгыңыз калыңдап, базар кыдырышыңыз мүмкүн. Үй-бүлөдө кайым айтышуулар болуп, капаланууңуз күтүлөт. Аптанын аягында нерв ооруларынын козголушунан абайлаңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жалкоолукка жол бербеңиз. Келерки апта сиз үчүн сыноолорун аябайт. Кандай иш болбосун аягына чейин чыгарганга умтулганыңыз туура. Туугандарыңыз жемелесе да, көңүлдөрүн калтырбаганга аракет кылыңыз. Жеке жашоодо мамилелер суушу ыктымал.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Койгон максаттарыңызды өз маалында бүтүрө албагандыктан, оор учурду баштан кечиресиз. Апта оор башталганына карабастан, ортосунда чоң ийгилик күтүп турары анык. Айрым текечерлер жеке бизнес ачууну ойлонушу ыктымал. Жеке жашооңузга байланыштуу салтанаттарды ишемби күнү уюштурганыңыз оң.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын башы көптөгөн жагымдуу окуяларды тартууламакчы. Ишиңизге байланыштуу кызыктуу сунуштар түшүшү ыктымал. Үйгө мейман келиши мүмкүн. Алыскы сапарга чыгууну кийинки аптага калтырганыңыз оң. Апта соңунда китеп окуу, таза абада сейилдөө сунушталат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Кооптуу кырдаал күтүлүшү мүмкүн. Көптөн берки өнөктөштөрдөн кол үзүп калуу коркунучу бар. Аптанын ортосунда иштериңиз калыбына келип, пландар түзүлүшү мүмкүн. Жалгыз бойлорду жаңы таанышуулар күтмөкчү. Оор апта болгондуктан, ачуулануулар болот. Аптанын аягында ден соолугуңуз начарлоо коркунучу бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Number-one1992
2012-04-17 17:37:58
uwuga okwogon nerseler en chon kunoo bir Allah bilet baaryn.
0
№ 493, 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан