АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ (сандан санга)

(Башы өткөн сандарыбызда)

Жаныбек ошол күнү сүйүктүү жарынын жанында көпкө отурду. “Сени айыктырып алам, мага ишен, сен бизге керексиң...” деген сөздөрүн миң кайталап отурду. Жаннат “мен айыгам” деп сөз бербесе да, өзүнүн ачык көңүлү менен күйөөсүнүн жүрөгүнө жылуулук тартуулап жатты.
Тумар эң татаал, жүрөктү өйүгөн ишке бет ала албай кыйналды аябай. Курбусунун тапшыруусу менен анын балдарына бала багуучу болуп барып, Жаныбектин жүрөгүн багынтуу керек. Чындыгында, жаш кезинен бери Жаныбекти жакшы көргөнү менен, ага мындай шартта турмушка чыгууну таптакыр каалаган жок. Кааламак тургай алдыдагы күндөрүн элестетип, өзүнөн өзү жийиркенип, мындай кадамга бут таштагандыгы үчүн өзүн-өзү жемелеп да турду. Бирок эми артка жол жок эле. Ансыз да жарым жан болуп жаткан курбусун өмүрүнүн акырында капа кылууга акысы жок. Тагдырдын мойнуна жүктөлгөн жүгүн көтөрүүгө бет алган Тумар Жаннаттын балдарына барып таанышууга бел байлады. Курбусунун балдары тууралуу айткандарын эске алып Саматка топ, Айжамалга машина белекке алып алды. Жолдо баратып Жаннатка телефон чалды.
– Алло, кандайсың?
– Жакшы, рахмат, өзүң көргөндөй эле жатам. Мени койчу, өзүң кандай? Эмне кылып жатасың?
– Жакшы. Мен кечээ өз иштеримди жай-жайына коюп бүттүм. Бүгүн...- деп сөзүнүн аягына чыга албай кекечтене түштү. Албетте, “сенин балдарыңа, күйөөңө баратам” деп кантип тарс эле айта салсын? Жаннат да Тумарды жарым сөздөн түшүндү.
– Жакшы болот. Азыр бош элесиңби?
– Ооба.
– Ырас болбодубу. Анда мындай кыл. Жаныбек азыр үйдө болчу. Сен түптүз үйгө бара бер. Мен аларга айтып коём, тосуп алышат.
– Жарайт.
Тумар курбусунун үйүн көздөй жол тартты. Жакындай бергенде жүрөгү алып учуп, колдорун майда калтырак басты. Бул үйгө Жаннат менен Жаныбек жаңы үйлөнгөн кезде бат-баттан келип турар эле. Кийинчерээк көр тириликтин айынан бир туугандай болгон курбулар бири-биринен алыстап, акыркы жылдары катташпай деле калышкан. Ал кезде бул заңгыраган үч кабаттуу үйдүн ордунда жепирейген эки бөлмөлүү там турчу. Эми минтип өзүнчө эле шаарга айланыптыр. Тээтиги короонун сыртындагы мөмөсү көз жоосун алып бышып турган эки түп өрүктү Жаныбек менен Жаннат отургузуп жатышканын Тумар өз көзү менен көргөн. Анда да ушинтип алыстан келатып, жаш жубайлардын жаш көчөт отургузуп жатышкандарын көрүп ичинен кубанган эле. Кубанычтанбы же кызганычтанбы, анда да ушинтип колдорун майда калтырак баскан. Канчалык сүрдөсө да билдирбегенге аракеттенип өзүн карманып, коңгуроону ишеничтүү басты. Көп күттүрбөй дарбазаны Жаныбек өзү ачты.
– Оо, Тумар. Келгениң жакшы болбодубу. Жүрү, үйгө кирели.
– Балдар кандай?
– Рахмат, жакшы. Самат сабакта, Айжамал болсо бир аз сыркоолоп калган экен, кечээтен бери үйдө.
– Ий, эмне болду?
– Кызамык болуп жатабыз.
– Жаман болгон экен. Дарыгерлерге бардыңарбы?
– Ооба, барып көрүнүп келдик. Баса, Жаннатка унчукпай эле кой. Ага айткан жокпуз, ансыз да өзү араң жатканда.
– Ий, айтпаган эле оң го.
– Бала бакчага жеткирип, кайра кечкисин алганга жетише албай бала багуучу алсам деп жүрөт элем. Эми минтип жумушка да чыга албай, кызым экөөбүз үйдө отуруп калдык.
Экөө ээрчишип үйгө кирип, Айжамалдын бөлмөсүнө бет алышты. Үйдүн ичи укмуш жасалгаланган, кымбат баалуу эмеректер менен толтурулуп, үстүңкү кабатка алып барчу тепкичтердин кооздугу көз жоосун алат. Ээрчише экинчи кабатка көтөрүлүп, Айжамал ойноп отурган бөлмөгө баш багышты.
– Кызым, конок келди,- деди атасы эркелете сүйлөп.
Айжамал бир бурчка машиналарды тизип алып ойноп отурган экен. Тиктеп эле туруп калды. “Кызым, эже менен учурашпайсыңбы?” дегенде гана акырын үн катып “саламатсызбы?” деп койду.
– Айжамал, келчи мага, экөөбүз таанышып алалы. Эч жериң ооруган жокпу?
Айжамал үн катпастан жөн гана башын чайкап койду. Жаныбек бул жерден сөзгө аралаша:
– Кечээ башталып, бир күндө эле ушинтип денесин толук каптап кетти. Андан мурунку күнү бир аз эти ысып чыккан. Дарыдан берип жаткырып койгом. Баары бир түнү менен кыңкыстап чыккан.
Болочокто эне-балага айланчу Тумар менен Айжамалдын таанышуусу мына ушундай маанайда башталды. Чай коюп, Жаныбек Тумарды ашканага чакырды. Экөө чай үстүндө турмуштун татаалдыгы, күтүлбөгөн кубанычтуу жана жагымсыз окуяларга бай болору туурасында сүйлөшүп отурушту. Баарынан жагымдуусу, студент күндөрдү эске салышты.
Тумар курбусунун үйүндө бир сааттай убакытка кармалды көрүнөт. Айжамал менен сүйлөшүп, аны менен жаш балача ойноп, экөө бат эле тил табышып кетти. Атасынын “жараларыңа дары сүйкөп берейин” дегенине көнбөй жаткан Айжамал Тумарга макул болуп, унчукпастан отуруп берди. Буга кубанган Жаныбек:
– Кызым, эже жакшы экен, ээ? Карачы, сага оюнчук алып келди. Анан да сени менен ойнойт экен,- деп калды.
Айжамал да башын ийкеп, Тумарды бир карап жылмайып койду. Ошентип, Тумар бүгүн да оор ойго чөгүп кетти. Бул жолу да түз эле үйүнө өтүп кете албай, Жаннатка кайрылды.
– Кандайсың, Жаннат?
– Жакшы, жатам. И-ий, айтчы анан. Үйгө барып келдиңби?
– Ооба, бардым.
– Эмне кылып жатышыптыр?
– Жаныбек менен Айжамал бар экен үйдө.
Жаннат чочуп кетти:
– А эмне, Айжамал бала бакчага барбаптырбы?
Ойлонбой сүйлөп алганын Тумар ошондо гана түшүндү. Айжамалдын ооруп жат­канын Жаннатка айтпайбыз деп сүйлөшүшпөдү беле. Эч сыр бербегенге аракеттене:
– Аа, бүгүн Жаныбек үйдө турбайбы. Анан “балдар менен чогуу болууну чечип, Айжамалды бала бакчадан алып калдым” дейт.
– Ошондой эле болсунчу. Негедир бүгүн Айжамал эсимден кетпей койду. “Бала бакчага барбаптыр” десең, бирдеме болгон экен деп чочуп кетпедимби.
Тумар курбусунун балдарына эртең да барарын айтып, үйүн көздөй бет алды. Жаннат Тумардын айткандарын көз алдына элестетип көпкө отурду. Канчалык баарын жөнгө салып кетүүнү кааласа да, оорулуу келиндин жүрөгүнө катуу тийди. Бир чети ичинен балдарын да, жолдошун да Тумардан кызганып турду. “Балдарды алып келбе, аларга мени көрсөтпө” деп Жаныбектен күн сайын өтүнөт. Бирок сагынычы күчөгөндөн күчөп барат. Аларды эстегенде баарын таштап үйүнө кетип калгысы келет. Анткен менен арга барбы, чыдаш керек.
Жаннат бул ирет кусалыгына чыдаган жок. Акырын ордунан туруп, чачын тарап, күзгүгө бир сыйра каранып алды да, үстүнө кийимдеринин бирин иле салып сыртты көздөй жөнөдү. Үйүнө барып балдарын кыса кучактап, алардын жытын искеп, маңдайынан сылап, аз да болсо сагынычын таратып келүүнү чечти. Дарыгерлердин бирине да айткан жок. Күчтүү дарыларды күнүнө бир нече ирет иче берип алы да калбаптыр, арыктаганында го кеп жок. Алсырап тургандыгын ордунан турганда эле сезген. “Канчалык кыйналбайын баары бир балдарыма жетем, жетпесем жолдо өлүп калармын, ага да макулмун. Ансыз да мага эми жашоо жок” деген бойдон сыртка чыкты. Кудай жалгап, дарыгер, медайым дегендердин эч кимиси байкаган жок. “Саматым менен Айжамалыма баратам” деген ойдон улам Жаннаттын көөдөнүндө кубаныч ойноп турду. Улам бир бутун шилтеген сайын алсырап отуруп, оорукананын короосунан чыга беришке жеткенде эле андан ары кете албасына көзү жетти. Болбой дагы да алдыга кадам шилтей берди. Акыры келин сулк жыгылды. Көзүнөн от чагылышып, жүрөгү булкуна согуп, дем жетишпей баратты. “Жардамга” деп кыйкыргысы келди. Бирок шыбыраган үнү өзүнө араң угулду. Аны эч ким уккан да жок.

(Уландысы кийинки сандарыбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Bakyt.shutov
2012-04-16 10:22:02
мм.
0
Angel19
2012-04-16 13:20:40
munu ar bir sanin okugan sayin jurogun oruytko
0
wwwsilk
2012-04-16 13:26:39
не принимайте близко все к сердцу
0
adelin_a
2012-04-16 14:37:50
Дарбазаны ачкан Жаныбек Тумарга -
"– Оо, Жаннат. Келгениң жакшы болбодубу. Жүрү, үйгө кирели" дегени ызыктуу экен ))
0
jaina
2012-04-17 09:09:27
adelin_a, туура баамдаптырсыз. Катачылыкты оңдодук, рахмат сизге!
0
A.Almaz
2012-04-16 15:24:04
Adelim_a jon tursan kyzykttu kylyp jazgandyr da nesi bolso da bul kol cheber usta onorpoz jazuuchulardyn kylgany da je suiuuktuu gezitin katalygy
0
777bazamat
2012-04-16 16:14:57
– Оо, Жаннат. Келгениң жакшы болбодубу. Жүрү, үйгө кирели.
Дегени жакшы болду кичине ката кетип калыптыр дагы айжамалга топ сатып алып саматка машина сатып алса болмокко кичине ойлонбой жазып коюптур кыз баланы машина менен ойнотуп коюптур булда болсо кичине катачылык болуп саналат!!!
0
kleine
2012-04-16 19:39:31
777bazamat, A mumkun kyzy mashina menen ojnogondu zhakshy korottur. Men dele kichine kezimde, kyz bolup alyp ele mashina, chuko ojnochumun.
0
Cholpon555
2012-04-17 09:07:15
777bazamat, мындан мурунку санында балдардын апасы Жаннат Тумарга балдары жонундо айтып берип жатканда айтпады беле, кызым кызга окшоп куурчак менен ойнобойт негедир. Машина менен ойногонду жактырат деп. Бул каталык эмес го.
0
777bazamat
2012-04-16 16:17:00
A.Almaz сен тантыба кобуроок adelin_a тура айтат кимисинен ката кетседа тура жазышсында боло берет деп эле ката жаза беришпей.
0
miranchik81
2012-04-16 23:43:03
курбусунун балдары жонундо айткандарын ойлоп Саматка топ,Айжамалга машина алып алды дебатпайбы демек апасы айткан кызына кандай белек жагаарын
0
Gulzina_91
2012-04-17 01:36:29
жакшы чыгарма экен кызыгып окуйм
0
wwwww
2012-04-17 03:44:10
жанылбаган жаак болбойт.
0
maksimus
2012-04-17 09:24:38
wwwww, jooop jaksi ha ha ha
0
ded
2012-04-17 12:32:53
Бутуп калдыго."эми бир жумалык реклама"
0
altyshka1992
2012-04-19 16:05:25
nege myncha kaigyluu
0
umar_kg
2012-04-20 04:50:15
эх дагы бир жума кутобузбу куто берип жинди болуп кетебизго
0
040389k
2012-04-20 13:14:00
китеби барбы?
0
777bazamat
2012-04-20 14:19:28
бар китеби 500 сом турат
0
№ 493, 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан