Жыланды көргөндө ичиркенип кетет эмеспизби. Ошол сүрдүү жандыкты үйүнө баккан адамдар да бар. Акыркы он жылдан бери жылан багып келе жаткан Марат мырза тууралуу угуп, үйүнө бардык. Анда жыландар тууралуу...
– Марат мырза, сүрдүү, сырдуу жаныбарды кантип асырап калгансыз?
-Өзүм Ысык-Көлдөн болом, бала кезимден эле көл жээгинен жылан менен сүрөткө түшкүсү келген туристтерди байкачу элем. Кийин жыландарга болгон кызыгуум күч ала баштады. 20 жашымда биринчи жыланыма жеттим. Аны Алматыдан 1500 долларга сатып келгем. Билбейм эмнеге, мен жыландарга жакынмын. Өзгөчө сүйүү десем да болот. Биринчи жыланымдын аты Клеопатра эле, питон-альбинос породасында болчу. 7 жыл багып, үй-бүлөбүздүн мүчөсү болуп калган. Узуну 3,5 метрге, салмагы 15 килограммга жеткен. Кийин ал суукка урунуп ооруп калып, бир айдай кыйналды. Болгон укол, дарыларды бердик, тилекке каршы, өмүрүн сактай алган жокпуз.
– Питон-альбиностор биздин климатты жакшы эле кабыл алышабы?
-Негизи, алар 40-45 жылга чейин жашашат, бул жыландар уулуу эмес. Бирок биздин климатта бир аз кыйналгандыктан, Кыргызстанда 30 жылга чейин эле өмүр сүрүшөт.
– Учурда канча жыланыңыз бар? Башка жандыктарды да багасызбы?
-Азыр колумда бир тууган эки питон-альбинос жыландарым бар, аттары – Маша, Даша. Аларды акыркы 3 жылдан бери багам. Ошондой эле жаңы жылдын алдында Гера аттуу кайманды Орусиядан сатып келдик. Азырынча болгону ушул.
– Үй-бүлө мүчөлөрү коркушпайбы?
-Жаңы үйлөнгөндө келинчегим аябай коркуп, жанына жакындачу эмес. Азыр эки күндө бир жолудан баарыбыз чогуу ваннага жуунтабыз.Кичинекей уулум да жылан менен ойногонду жакшы көрөт.
– Булар кандай шартта кармалышат, эмне менен тамактанышат?
-Үйдө кармаган соң, албетте, эң биринчи үйдөгүлөрдүн коопсуздугун ойлойбуз. Үйгө атайын жабык террариумдарды орнотконбуз. Анын ичинде абанын температурасы 18 градустан кем эмес жана нымдуулугуна да көңүл бурабыз.
Тамактанганы тууралуу айтсам, жыландарымды коёндун эти менен багам. Бир айда 3 тирүү коён жеп, аны бир ай сиңирет. Тамак жеген учурда алардын салмагы да, бою да өсө түшөт. Жылан 9 айга чейин ачка жүрө алат. Геранын азыгы – уйдун эти. Ал бир жумада 2 килограмм эт жейт.
– Кантсе да жапайы жырткыч эмеспи, сиздерден башка адамга кол салбайбы?
-Жыландар тубаса азиз болушат, ошондуктан буларда сезүү органы күчтүү. Жытты, жылуулукту, адамдын өзүнө болгон оюн билип коюшат. Эгер арак ичип же көп атыр себинип алган адам жанына келсе, сөзсүз реакция кылат, соймолоп, активдүү боло баштайт. Үйдөн мени жытымдан тааныйт, мен алганда тынч жата берет. Ал эми чоочун адам алса, тынчы кетип соймолоп, адамды коркутат, бирок чакпайт. Ал эми Гераны сыртка чыгарганда коопсуздугубуз үчүн оозун скотч менен ороп коёбуз.
– Жыландарыңызды көбөйтүү максатыңыз барбы?
-Албетте, бар. Бирок менин жыландарым азырынча кичинекей, дагы 2-3 жылдан кийин даяр болот. Питон-альбиностордун кошулуу маалы декабрга туш келет, апрель айларында 45тей жумуртка басат. Анан август айларында алар жарылып чыгышат. Буюрса, ал күнгө да жетебиз деп турам. Менин кыялым – келечекте калаабызга кичинекей экзотикалык жаныбарлардын зоопаркын ачуу.
– Сиз буларга ушундай камкордук менен мамиле кылат экенсиз, алар сизге кандай кызмат кылышат?
-Жылан менен бийлегендер бар эмеспи. Аларга алып барабыз, тойлордо кызмат кылат. Сейил бактарга алып чыгабыз, андан деле бир аз тыйын түшөт. Эми бул кичинекей бизнес.
Марат мырзанын апасы Шарипа эже да сөзгө кошула кетти.
-Жылан деген жылан да, баары бир коркунучтуу сүрү бар эмеспи. Башында каршы болгом, үй ичинде кантип багабыз деп жүрөгүм түшчү. Уулумдун жыландарды аябай жакшы көргөндүгүнөн көз жумууга туура келди. Кийинчерээк өзүм да аларды жакшы көрө баштадым. Биринчи жыланыбыз бизге балабыздай эле болуп калган. Ал өлүп калганда уулум кадимкидей ыйлаган. “Жыландын майы көп дартка дары дейт, союп алалы” десем такыр болбой, ак чүпүрөккө ороп көмгөн эле. Бир жолу Мараттын дос баласы үйгө келип конуп калды. Кечинде террариумдун жанына төшөк салып коюптурбуз. Эртең менен “түнү менен ордуман кыймылдай албай, кара тер басып жаттым” деп күлдүргөн.
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg