ЖЫГАЧТЫ ЖЫЛАНГА АЙЛАНТКАН УСТА АБДУЛАЗИЗ

Эл араласаң, канчалаган катылып жаткан өнөрлөр ачылат. Адатта, “карапайым жана чыныгы өнөрдүн ээси болгон адамдар эмгегин элге жарыялап мактана беришпейт” деген сөзгө Алай районунун Кыркол айылынын тургуну Абдулазиз Шапаковдун эмгегин көргөндөн кийин дагы бир ирет ынандык. Эки бөлмөлүү үйдүн ичин жансыз жаратылыш дүйнөсүнө айланткан жыгач устанын өнөрү менен таанышып кайттык.

– Абдулазиз ага, баа жеткис кол өнөрчүлүк сизге кимден калган? Канча жашыңыздан баштап өнөр артынан сая түшүп келесиз?
– Бул нерсе каныбызда бар. Чоң атам тегирменчи, атам уста болгон. Отуз жыл бою үй куруп, устачылыктын арты менен жүрдүм. Кийин жумушсуздуктун айынан бул өнөрдүн артынан биротоло түшүп, көп ийгиликтерди жараттым. Кесибиме болгон кызыгуум улам артып, азыр устачылыктан чыга албай калдым. Адам жашоого бир ирет жаралат. Ошол бир келген өмүрдү учурунда баалап, экинчи өмүрдө эмгектене албашыбызды билгенден кийин өзгөлөргө өрнөк калтырууну туура деп билем. Жараткандын мага ыроологон мындай тартуусуна чексиз ыраазымын.

– Эмгектериңиз сатылабы?
– Жок, саткым келбейт. Жакын санаалаштарыма кээде белекке эле бербесем, көп деле таратпайм.

– Ош шаарындагы “Алымбек датка” этнографиялык комплексинде “Жыландар ордосу” деген аталышта көргөзмөңүздү ачтыңыз эле. Ал жерден кайра кетүүңүзгө эмне себеп болду?
– Андагы боз үйдү ижарага алып иштеткем. Ижара акысын актабай калды. Андан кийин Ысык-Көлдөгү “Рух- Ордого” бардым. Ал жерде да мени алдап коюшту, “бекер көргөзөсүң” деп. Көргөзмөлөрүм азыр Бишкекте турат. Аларды элге тартуулаганга ылайыктуу, ыңгайлуу жай таппай кыйналдым. Өнөрдү баалабагандар, өнөр эмне экенин түшүнбөгөндөр көңүлүмдү чөктүрдү. Министрине да, акча уучтаган бизнесменине да, мекенчилмин деп төшүн каккан патриотуна да барып көрдүм. Баары эле кол шилтеп, кайдигер карашты. Жардам бермек турсун, жарытылуу кеңеш бергенге да жарашпады.

– Көргөзмөңүздү ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү аракети менен жүргөн экенсиз...
– Ооба, ЮНЕСКОнун тизмесине кирүүнү максат кылып жүрөм. Бул боюнча Султан Раевге барсам, “эмнеге?” дейт. Ачуум келип, чыгып баса бердим. Министрлер жөн гана “кресло” кучактап отурушат, эч нерседен бейкапар. Ойлогон оюм, үмүтүм эле ЮНЕСКО. Колдо жасалган байлыктарымды ушулар гана сактап калчудай. Албетте, бул маселеде биздин “чоңдорго” ишенчү элем, бирок алар таптакыр башкача көз карашта жашашат экен. Эч кимден үмүтүм калбады. Исхак Раззаков менен Рыспайдын кадырына жетпегендер менин кадырыма жетишмек беле?

– Адатта, өнөр атадан балага калат. Айтайын дегеним, балдарыңыздан кесибиңизди улантуучусу барбы?
– Балдарым Орусияда куруучу болуп иштешет. Аларды акча табуу үчүн эмес, өнөр үйрөнсүн деп жибердим. Мен жасаган жумуштарга 10-15 жылдан кийин киришсе деле жетишишет. Ага чейин тажрыйба топтоп келишсин да. Негизи, балдардын дээринде бар, балким, убакыт-сааты келгенде менин өнөрүмдү аркалап кетишер.

– Кыздарыңызга сеп кылып берчү буюмдарды базардан издебесеңиз керек...
– Ооба, кыздарыма эмеректерди жасап бергем. Алар абайлап тутуп, “атабыздын бизге берген баалуу белеги” дешет. Кудай ден соолук берсе, балдарымдын да үйүнүн бирден бөлмөлөрүн музей кылып берсем деген ниеттемин. Балдарым, неберелерим сыймыктанып, атасынан калган мурас экенин айтышса, мен үчүн андан өткөн бакыт барбы?

– Буларды жасоодо канча жылдык эмгек жатат?
– Мен 80-жылдары курулуш иштерине киришкем. Жыгачтан жаныбарлардын образын түшүрүүнү, буюм-тайымдарды жасоону 12 жыл мурун баштагам. Муну менен алышыш үчүн чоң тажрыйба керек. Бул эмгектеримди жасоодо арчаны, кээде ар кандай бактардын жыгачтарын колдоном. Жасалган буюмдар жакшы сакталыш үчүн лактап коём. Кол өнөрчүлүктүн бардык жолун басып өтүү талап кылынат. Ошондо гана колуң бир нерсеге эп келет. Эң биринчи жасагандарымды бүгүнкү көз караш менен көрсөм, күлкүм келет. Ал эми азыркы жасагандарымды дагы 10-15 жылдан кийин көрсөм, анда буларга күлөм. Себеби тажрыйба барган сайын аша берет тура.

– Бир көрүнүштү жасаш үчүн канча убакыт талап кылынат?
– Жасалып жаткан жаныбар болобу, буюм же эмерек болобу, анын образына карата убакыт кетет. Эң узагы 2 ай болот.

– Эмне үчүн жасагандарыңыздын басымдуу бөлүгүн жыландар түзөт?
– Жыландарды көп жасап калганым, 90-жылдары (өткөн кылымдын) Кыргызстандан кут кеткен. Жаратылыштан жылан деген жандыкты көрбөй калганбыз. Элибизден береке кеткен. Кай жерге барба, касиети жок адамдар жер бетин ээлеп калышкан. Көбүнчө жыландарды жасаганым, жылан – кут-берекенин символу. Жыгачтан жасалган жыландарым тирүү жыландарды ээрчитип келсин дегенди туюнтат. Ал эми жолборстор – Манасты Манас кылып, кыргызды кыргыз кылган колдоочулар. Ар бир жасалган жаныбар, буюмдар тарых менен үндөшөт.

– Колдо жасалган буюмдарды чет мамлекеттик туристтер аябай баалашат. Сизге чет жактан “колдоо көргөзөлү, чет жакка алып кетели” деген сунуштар түштүбү?
– Туура айттың, алар аябай жогору баа беришет. Бирок сунуштарына макул болбойм, буюмдарымды сатпайм. Өзүмдү Америка менен Кытайга таанытам деген оюм жок. Эмгегим өз элимде баркталып турса эле болгону. Мен өнөр деп жашап, алтын менен долларды көргөндө жулунбаган адаммын, дагы эле кызыкпайм. Бирок дүйнөлүк авторлукка кирсем деген гана максатым бар. Кудайым буюрса, кирем. Эгер ага таптакыр алым жетпесе, Ош, Бишкек, Ысык-Көлгө барып, эч нерсе таппасам, 3-4 жылдан кийин ушул эле Алайдын жолунун боюна таштан боз үй куруп, ичин музей кылам. Ушундай өнөрлүү болуп калганым үчүн бактылуумун, муну эч нерсеге алмаштырбайм.

– Патент алып, муну азыркы базар экономикасында сатып, кайра ордун толуктай турган шакирттерди даярдоо туурасында ой келдиби?
– Менде өнөр болгону менен, каражат жок. Андай шарт түзө аламбы-жокпу, билбейм. Эгер мен буларды сатам десем, бир күндүн ичинде эле сатып коймокмун. Бирок мен муну менен балдарымды байытайын же өзүм байыйын деген максатым жок. Балам “ата, сатпа, булар менен кылымдарды багынтасыз. Небере-чөбөрөлөрдөн да ары уланып кетсин бул нерселер” дейт. Менин жашоом, биринчиден, адамдык касиет менен, ал эми, экинчиден, ушул өнөр менен өтөт.

– Рахмат маегиңизге. Максатыңызга жетишиңизге тилектешпиз.

 Уулбү Каныбекова
info_osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
monchok
2012-04-17 13:25:28
жакшы экен
0
Lux
2012-04-17 14:38:56
Онорунузго береке
0
Naziwka
2012-04-18 18:15:46
ay iiy sonun go, Kyrdyz buyumdaryn gorup,abdan KG sagynyp kettim, buyursa jakynda baram... ))
0
Naziwka
2012-04-18 18:21:51
onorunuz ossun,iygilikterdi bagyndyryp juro beriniz!!!
0
kurchunka
2012-04-21 11:03:38
Сонун укмуш чындап терээн искуство сырлары жатат.
0
aisaaisa
2016-05-06 20:29:42
Озубузду озубуз баалабасак биздин ким баалайт я онорунуз оркундоп оссун. Ийгилик
0
№ 493, 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан