БАДАЛ КАШАА

Бадал кашаа бул – өсүмдүктөрдүн жардамы менен жасалган кашаа (тосмо). Адатта, жашыл кашааларды 1 сорттогу дарак же бадалдарды 1 сапка тигүү менен жасашат. Жашыл кашааларды өстүрүү ландшафттык дизайнга кирет.
Кыргызстанда кандай сорттогу өсүмдүктөр бадал кашааларды жасоодо колдонулары жана кандай жол менен тигилери тууралуу Бишкек шаардык "Жашылдандыруу курулуш" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер төмөндөгүлөрдү айтып өттү:
– Биздин климаттык шартта тропикалык өсүмдүктөрдөн тышкары дээрлик бардык кашаага жарай турган жашыл өсүмдүктөр өсөт. Алардын арасынан Кыргызстанда кеңири тарагандар:

Түбөлүк жашылдардан – туя, буксус, арча
Жалбырактуулардан – бирючина, свидина
Гүлдөөчүлөрдөн – бөрү карагат, ыргай (кизильник), спирия, япон айвасы

Кандай максатта тигүүгө болот?

  • Жер тилкесин курчоо үчүн
  • Үйдүн тегерегин тосууда
  • Жол бойлорун жашылдандыруу­да
  • Бакчаларды көрктөндүрүүдө

түрлөрү

  • Жалбырагы күздө түшүүчү
  • Түбөлүк жашыл
  • Гүлдөөчү

Тигүүдө колдонулуучу ыкмалар

  • Бир сорттогу (бир сорттогу өсүмдүктөр бир же бир нече катар тигилет)


  • Аралаш (бир канча сорттогу өсүмдүктөр боюна жараша отургузулат)


  • Формалуу (бир же бир нече катар тигилген дарак же бадалдарды бутоо жолу менен каалаган формага келтирүү)

Бийиктиги боюнча бөлүнүшү

  • Жапыз – 1 метр бийиктикке чейинкилер (мажүрүм тал, кош таман (бадал өсүмдүк), япон айвасы, бөрү карагат, чычырканак жана башка)
  • Орточо – 1 метрден 1,5 метрге чейинкилер (акация, бирючина, татар шилбиси, көк карагай (пихта) жана башка)
  • Бийик – 1,5 метрден бийиктер (туя, крушина, жөкө дарак (липа), долоно жана башка)

Пайдасы

  • Жер бетине шамалдын тийишине тоскоолдук жаратуу менен топурактагы нымдуулукту көпкө чейин сактай алат. Бул тегерегиндеги өсүмдүктөрдүн бат кургап кетишинен сактайт.
  • Бадал кашаа ичкериде өскөн өсүмдүктөрдү жан-жаныбарлардан, катуу шамалдан сактап, бутактардын сынышынын, уруктардын учуп кетишинин, жалбырактардын күбүлүшүнүн алдын алат.
  • Жол жээктериндеги жашыл тосмолор кышкысын жолдорду кар күрткүлөрдөн сактай алат.
  • Маал-маалы менен кыркылып тургандыктан, кыркындысы отун катары керекке жарайт.
  • Корооңузга, жол жээктерине, бакчаларга өзгөчө көрк берип, абаны кычкылтек менен байытып туруучу касиетке да ээ.

Зыяны

  • Тамырлары чоңойгон сайын жанындагы курулуштардын (пайдубал, жука асфальт жана башка) бузулушуна алып келет.
  • Жанында өскөн айрым өсүмдүктөргө көлөкө түшүрүү менен өсүшүн жайлатат.
  • Арасына келемиш, чычкан же башка зыян алып келүүчү жандыктар жашап алат.

Кандай көбөйөт?
Туя – уругунан жана бутагын тамырлатуу жолу менен көбөйөт. Бутакты тамырлантуу атайын адистештирилген мекемелерде жасалат. Нымдуулук, бир калыптагы температура жана башка жагдайлар талап кылынгандыктан, үй шартында өстүрүү кыйынга туруп калышы ыктымал.
Арча – уругу аркылуу.
Свидина – уругу аркылуу.
Япон айвасы – бутагы, уругу аркылуу.
Бөрү карагат – уругу аркылуу.

Тигүүнүн сырлары

  • Алгач бадал кашаа тигилүүчү жерди туура тандап алуу керек. Мисалы, күн жакшы тийген, тепселенбей турган жана эң маанилүүсү, сугарууга ыңгайлуу жер.
  • Отургузулуучу жерди даярдоо үчүн узундугу өзүңүз пландаган боюнча, ал эми туурасы 25-30 сантиметрди түзгөн арыкча казылат.
  • Ар бирин 25-30 сантиметр аралыкта отургузуу керек. Адистер кара чиринди жана борпоң топурактын аралашмасы менен көмүүнү сунушташат. Тамырды көмгөндөн кийин дароо суу куюп, топуракка бекитүү абзел.
  • Отургузууну күзүндө, октябрь айында (бадалдардын жалбырагы күбүлгөн соң) же жаздын алды менен аба ырайына карап (20-апрелге чейин) жүргүзгөн туура. Идишке өстүрүлгөн көчөттөрдү жайында деле отургузууга мүмкүн.
  • Сугаруу топурактын кургашына жараша болот. Болжол менен жумасына 2-3 жолу. Эки жумадан кийин сиздин көчөт жаңы жерге толугу менен жайгашты деп биле бериңиз. Бирок кооз, барпайган, жашыл кашаанын өсүп-жетилиши үчүн 2-3 жыл талап кылынат.
  • Тамыры жерге толугу менен бекиген соң аны формага келтирүү үчүн маал-маалы менен кыркып туруу керек. Капталдарын кескен сайын ошол тарапка карай бутак өсүп чыгарын да эске алыңыз. Жашыл кашаага жараган өсүмдүктөр кыркуудан жабыркабайт. Андыктан каалаган маалыңызда кыркуу менен каалагандай калыпка сала берүүгө болот. Кыркууда кадимки жыгач кесүүчү кайчыны же атайын жыгач кесүүчү кичине машинаны колдонуу керек.
  • Эгер ооруга кабылса, энтомологго (өсүмдүктөргө зыян алып келүүчү майда жандыктарга каршы чара көрүүчү) же агрономго кайрылган оң. Себеби ар бир оорунун өзүнчө дарысы жана ар бир өсүмдүктү дарылоодо өзгөчө ыкмалар колдонулушу мүмкүн. Адис ооруган өсүмдүктү көргөн соң гана зыянкечти так аныктап, ага кандай чара көрүүнү так айта алат.
  • Бадал кашааларды 10-12 жылдан соң алмаштыруу сунушталат.

Баалары
Бишкектеги дүкөндөрдө сатылуучу бадал, дарактардын тамырланган бир бутагынын орточо баасы:

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Asus84
2012-04-16 10:49:43
мага баары жакты айлана жашыл болсо кандай керемет, уйлуу болсом созсуз тигип алам короомо
0
elif
2012-04-16 17:04:13
Abdan jaktı,ayrıkcha yapon ayvası degen
0
wwwww
2012-04-17 03:58:40
жакшы ниет жарым ырыс.кудай буюрса уйумдун айланасына япон айвасын тигем.
+1
BEKA-KAGAN
2012-04-18 16:37:11
Мен Туя тигем буйруса!!!уйумдун короо четине!!!
0
Emil.
2012-04-18 17:46:03
Жакшы нерсе биздин уйдо да эгилген уже эки метр осуп почти забор болуп калды. Уйдун тегерегин пул кетирип кирпич менен тоскондон коро эгип койсо 5-6жылда бийик болуп осуп калат.
0
kushtar.77.77
2012-07-25 18:10:08
Мен 3-жыл аракет кылып, остуро албадым, жардам бере турган барбы.
0
№ 493, 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан