Оозунан “чын жүрөктөн баары бир” деген сөзүн түшүрбөс, рэпер десе мурдунун учуна чейин кызара жинденер, анан да айткысы келген нерсени кагазга оробой бетке айткан мүнөзү бар этноакын Тата Улан биздин төрдө.
– Саламатсызбы, Улан, акыркы күндөрү көрүнбөй кеттиңиз. Эмне менен алек болуп жүрөсүз?
– Жакшы. Мен шоудон алыстаган жокмун, шоу менден алыстап баратат десем болот. Өзүмдүн жеке иштерим менен эле жүрөм. Бирок чыгармачылык да калып кеткен жок, ырларды уурдап албагандан кийин бери жагы жарым жылда, ары жагы бир жылда бир ыр жаратасың да. Элге окшоп уурдасаң, анда ай сайын ыр чыгарып койсо болот. Мурдагы ырларыман да мааниси терең, айтайын деген сөздү чучукка чейин жеткирген маанилүү ырларды жаратууга аракет кылып жүрөм.
– “Карындаш” деген ырыңыздан да күчтүү ырга күбө болобуз го...
– “Ыйык көл” деген ыр жазгам. Даяр болуп калды десем болот. Бирок негедир мен күткөн жыйынтыкка жетпей жатат. Ошол себептен азырынча катып жүрөм. Дагы бир аз бышыруу керек. Чынын айтсам, бул ыр 3 жыл мурун эле жазылган. Ошондон бери улам оңдолуп келе жатат. Орто жолдон унутулуп да калган. Негизи, ушул өңдүү жазып келип, бүтөрүнө аз калганда “муздаткычка” салып койгон ырларым көп. Биринчи сынчы өзүң болот эмессиңби. Эгер өзүңө жакпаса, анда элдин деле купулуна толбойт. Жакын досторум үйүмө конокко келип калганда баягы “муздаткычта” катырып койгон ырларымды угуп, жактырышат. Бирок көпчүлүгүн теле, радиолордон баары бир чыгарышпайт.
– Анан ырларыңызды кантип элге жеткиресиз?
– Мисал катары айта кетейин. “Не керек?” деген ырым чыкканда радиолорго алып барган жокмун. Баары бир эфирден кетирбесин билем да. Ырга клип тартып, “Ош базарга” алып бардым да, пираттык диск жасап, сатып иштеген жигитке таштап койгом. Ошондон бир жумадан кийин Ошко чакырып калышты. Барып сахнадан “азыр сиздерге жаңы ырымды ырдап берейин” дегиче залдан “Не керек?” деп жатышпайбы. Ошондон кийин мага пиар кереги жок экендигин түшүндүм. “Карындаш” деген ырым деле ошондой болгон. Бир диск саткан жерге барып, сатуучуга “ыр аласыңбы?” десем, “ай-уй” дейт. “Мен Тата Уланмын” десем да ишенбейт. Анан ырдап берип ишендирип, дискти таштап кеткем. Ошондон көп өтпөй эле элге терең тарап кетти.
– Ырчы болуу – жөн гана ырдап коюп жүрө берүү эмес. Анын аркасынан акча табууну да туюндурат, бүгүнкү заман талабында. Деги эле үй-бүлөңүздү ырчылык менен багасызбы?
– Негизи, адам баласы көп нерседен жаңылып жатат. Мисалы, “мен ыр менен же соода кылып өзүмдү багам” дегендер жаңылышат. Биз, чынында, өзүбүздү бага албайт экенбиз. Бизге ырыскы Кудайдан бөлүнүүчү нерсе. Канчалык акчанын артынан куусаң, ошончо берип коюшу мүмкүн. Бирок бергендей эле бат алып да коёт. Мисалы, мен ырчылык менен жанымды багып келе жатам деп айтпайм. Мен диск чыгарбайм. Кошумча деле акча тапкан булагым жок. Бирдемеден бирдеме болуп эле акча түшө берет. Ооба, акча керек, ага муктаждык болот. Бирок мага келген акчанын баарын Кудай өзү берип жатат.
– Бирок алакан жайып эле Кудай берет деп отура берген болбойт го. Же “иштесең – тиштейсиң” деген сөзгө кошулбайсызбы?
– Ар бир адамга төрөлгөндө эле ырыскы бөлүнүп берилет. Мисалы, экөөбүз азыр кафеге барып тамактансак, сен төрөлгөндө эле “саат мынчада, бул жерден, минтип тамактанат” деп жазылган.
– Келиңиз, эми үй-бүлөңүз тууралуу кеп кылалы. Бала-чака, мал-жан кандай? Үй-бүлөдө эмне жаңылыктар?
– Ал жагын айтпайм.
– Апей, эмнеге? Кыргызда ал-жайды, мал-жанды сурап коюу салт эмеспи...
– Баары жайында. Баары ойдогудай. Мен кээ бирлерге окшоп үйлөнүү тоюмду тарта салып жар салгандардан эмесмин. Мага андай пиарлардын кереги жок. Дардаңдап мактанган нерселер мага жакпайт.
– “Баары жайында” дейсиз, акыркы учурда сизди “келинчеги менен таарынышып жүрөт” деген сөздөр чыгып жатпайбы?..
– Ыя, кокуй. Ошондойбу? Эми мындай да, баягыда мени өлтүрүп салышыптыр. Интернетке ошондой кабар чыгып, силер мени менен кабарлашпадыңар беле. Ошондой эле көрө албастардын же жөн эле оозунун тизгинин тарталбагандардын сөзү да. Кечээ эле кайнатам чалып, ал-акыбалыбызды сурады.
– Ачууңуз чукул окшойт, ээ? Кол көтөрүп жиберген мырзалардын катарын толуктайт окшойсуз, байкашымча?
– Анчалык орой эмес, орок менен оруп жиберчүдөй. Мурун бар болчу, кол көтөрүп жибермей адатым, азыр жок. Азыр кайнап жаткан канымды үйлөп-үйлөп муздатам.
– Бетке айткан адамдардын достору да иргелүү болот го. Баамымда, биздин шоу чөйрөдөн досторуңуз аз...
– Чынында, биздин шоу дүйнө менен анчалык тыгыз мамиле түзө албадым. Себеби чүмбөт менен келем, концертке ошол келбетимде чыгып кетем. Анан да мен убагында театрда иштеп калдым. Албетте, ал жактагы эски достор менен жаңы достордун айырмасы бар. Эң жакын досторум – курсташтарым.
– Учурда сахнага чыгыш үчүн репертуарыңдагы ырдан баштап кийген кийимиңе чейин комиссиядан өткөрүү керек деген ойду көтөрүп чыгышпадыбы, буга көз карашыңыз?
– Мунун мага тиешеси жок. Мен эфирде да, радиодо да жокмун. Мага чын жүрөктөн баары бир. Мен “Ош базарда” эле жүрөм. Мени тыя алышпайт. Мага “ырчы эмессиң” дешсе деле ырдай берем. Мисалы, мени КТРК баары бир койбойт. Колдогон деле эмес. Бирок Көркөм кеңешке менин каршылыгым деле жок. Себеп дегенде биз таппай келаткан улуттук идеологиябыз ушу менен башталып кетиши мүмкүн. Бул нерсени бара-бара кино жаатына да салышса жакшы болмок.
– Сөзүңүзгө аралжы, муну менен кыйытып кино талаасына да нааразычылыгыңызды айтайын дедиңиз окшойт...
– Илгерки кино менен азыркыны салыштыруу мүмкүн эмес. Азыркы тасмалардын сапаты өтө төмөн. Илгерки кинолор кара-ак түстө тартылса да, тарбиялык мааниси менен жакшы ойду берген кинолор болчу. Азыр кинолорду көрөсүң, жүрөккө жаман нерселердин баарын жүктөп кетесиң. Баары акча табуу үчүн тартылууда. Американын идеологиясы – өлтүрүү, зордуктоо жек көрүү дегендей.
– Азыркы кинолорго кыжырлануу сезими менен колуңузга камера алып, сиз каалагандай кино тартуу тууралуу ойлоно элексизби?
– Андай колубуздан деле келет окшойт. Кээде достор менен тартсакпы деп калабыз. Ырчылыкка караганда киного жакынмын. Бирок азырынча жүрөктөн ырлар чыгып, жазылып жатканда жазып эле жүрө берейинчи.
– Жакшы. Акыркы күндөрү агентте көп отуруп калдыңыз...
– Достор менен баарлашуу үчүн агентте отурганым чын, бирок тиктеп эле отурбайм, ачып коюп иштеримди кыла берем.
– Жакын арада жеке концерт берем деген пландарыңыз жокпу?
– Андай пландарым жок. Бир жылдары элиме отчёт берип коюш керек деген ойлор жаралган. Концерт коюу үчүн үй-бүлөмдөн каражатымды бөлүп, сындырып алышым керек. Чынын айтсам, азыр концерт коюуга андай каражатым жок.
– Уулдарыңыздын сизди тартып ырчы болушун каалайсызбы?
– Өзүңүздөр билесиздер, Бек жана Аман аттуу эки уулум бар. Аларга Кудай эмне буюрса, ошол жаатында кетишет.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg