Бир-эки ыры менен сахнага чыгып, көптү үмүттөндүрүп, анан дымып калган Жанэлдин дагы деле чыгармачылыкка кайтайын деген ою жоктой. Буга чейин Төө-Ашуудагы тоо-лыжа базасында иштеп жүрдү эле, эми жайында Түркияга барып иштеп келүүгө камынып калыптыр. Атүгүл машинасын да сатып жибергенин маалымдады. Мунусуна караганда, ырчы кызыбыз киреше табуунун жакшы жолун тапканбы деп турабыз. Балким, өзү айткандай, күзүндө чыгармачылыкка билек түрүп киришүүгө каражат табайын дедиби?..