"Кыз-Бурак" тобуна быйыл 35 жыл толот. Топтун ырчылары учурда мындай мааракеге даярданып, тамандарынан чаң чыкканча чуркап жүргөн кездери. Алгач концерт Ош шаарында катары менен 3 күн, анан Бишкекте болмокчу. Кызыгы, концертте топтон чыккан туптуура кырк кыз жандуу үн менен элди шаңга бөлөгөнү жатышыптыр.