“Импульс” тобу сахнада жылдыздары жанып, эл оозуна алына баштаганда курамы алмашкан эле. Жаңы курам жандана баштаганда бул топко продюсерлик кылып жүргөн Тынчтыкбек Кожобеков "мен таптакыр эле шоу чөйрөдөн кеттим, өз алдынча иштегиле" деп кыздардын колу-жолун бош коюптур. Ошентип, кыргый мүчө, кара көздөрдөн куралган бул топ өз арабасын өзү тартмак болду.