Эстрада ырчылары Айнура Салахидинова менен Мирлан Баеков 11-апрелде Талас жергесине баратып Өтмөк ашуусунан кырсыкка кабылышканын айтышат. Рулда Мирлан болгон экен. Түндө жол жүргөн ырчылардын машинасы ашууда тайгаланып кетиптир. Кудай жалгап, алар өтө оор жаракат алышпаптыр. "Эртеси концертте беттерибиздин көк алаларын эптеп жашырып ырдадык",- дешет ырчылар.