Аида Салянова, КРнын Башкы прокурору: «ПИРМАТОВ ДА, ШАДИЕВ ДА АКТАЛЫП КЕТКЕН ЖОК»

Коомдо резонанс жаратып жаткан соңку окуялардан улам, түз байланышка Башкы прокурор Аида Салянованы чакырган элек. Окурмандар тарабынан чалуулар абдан көп болду. Жеке маселеси менен кайрылгандар да көп болду. Түз байланыш аягына чыкканда Аида айым "Супер-Инфонун" окурмандары үчүн атайын бир күнүмдү жеке кайрылууларга жумшайт окшойм" деп айтты.

АИДА САЛЯНОВА ЖЕҢИШБЕКОВНА

1972-жылы 6-августта Нарын шаарында туулган.
1989-1991-жылдары Фрунзе советтик соода техникумунун укук таануу бөлүмүндө окуган.
1991-1996-жылдары КМУнун юридикалык факультетин аяктаган.
1992-1997-жылдары Бишкек коммерциялык колледжи, Чүй жана Кыргыз улуттук университеттеринде мугалим.
1997-2008-жылдары Жогорку Кеңеште юридикалык эксперт.
2008-2010-жылдары Адилет министрлигинин статс-катчысы.
2010-жылы (апрель-декабрь) Адилет министри.
2011-жылы президенттин ЖКдагы өкүлү.
2011-жылдын 14-апрелинен тарта Башкы прокурор кызматын аркалап келет.
Билген тилдери – кыргыз, орус.
Улуттук колориттеги кийимдерге басым жасайт.

Света, Ысык-Көл:
– Биздин жаңы келген айыл өкмөт башчысы менен ортобуздан сөз өтүшүп кеткен болчу. Эмгек өргүүгө чыгып, андан кийин деле жумушка барбай жүргөм. Келсем «иштен айдалгансың» деп түртүп чыгарып койду. Тоң райондук прокуратурасына, сотко кайрылдык, жооп жок. 7 балам бар, кайда барып арызданам?
-Сиз айтып жаткан көйгөй сот аркылуу чечилет. Ошентсе да өзүңүздүн документтериңизди бизге алып келиңиз, бир карап көрөлү.

Алтынбек, Ак-Талаа:
– Мен райондук администрацияда иштеп жүргөндө өкмөт өз токтому менен БШКга которгон. Ошондон бери БШК бизге буйрук чыгарып, жумушка албай жатат. Жардам бере аласызбы?
-Бул кадрдык маселе. Муну жумушка алчу ишкана өзү чечет. Ал эми өкмөттүн токтому чыгып, ал токтом аткарылбай жаткан болсо, анда башка кеп. Мен сиз айткан токтомду карап көргүлө деп тапшырма берейин, анан ошого жараша жооп берели.

Роза, Күн-Туу айылы:
– Менин 15 жашар кызымды 5 бала коркутуп, «айтсаң өлтүрөбүз» деп зордуктап жүргөнүн билип калып, Ленин РИИБине кайрылганбыз. Бир күнү тергөөчүсү баш болуп келип «сизде эч кандай далил жок, андан көрө тосмо арыз жазып бериңиз» дегенинен жазып берип койдум эле. Кызым оорулуу болуп, кан басымы көтөрүлчү болду. Кайрадан арыз жазсам болобу?
-Негизи, тосмо арыз жазганга укугуңуз бар болчу, ошону колдонгон турбайсызбы? Азыр деле арыз жаза берсеңиз болот, кайрадан карап чыгабыз. Бирок менин жеке оюм, убагында тосмо арыз жазып берип койгонуңуз өтө туура эмес болгон.

Улан, Токмок:
– Уулуу көмүр боюнча станциянын врачтары күнөөлүү дедиңиз эле. Алар азыр деле иштеп жатышат, жумуштан алынышы керек эле да?..
-Жакшы суроо. Алардын иштен четтетилишин тактап көрүш керек экен. Балким, тергөөчү иштин жагдайларына карата чечим кабыл алгандыр. Негизи, адамды күнөөлүү же күнөөсүз деп сот гана чечет. Биз айыбын угузуп, «мына, ушундай күнөөсү бар» деп болушунча ошону далилдеп бергенге аракет кылдык. Бирок бул иш сотто каралып, «тергөө учурунда мүчүлүштүктөр кетиптир» деп кайра бизге кайтарылып берилди. Биз эми ошол мүчүлүштүктөрдү жоюп туруп, ишти кайра сотко өткөрүп беребиз.

Авазбек, Талас:
– Июнь, Апрель окуяларынын күнөөлүүлөрү качан жазаланат?
-Апрель окуясы боюнча тергөө иштери жүрүп келе жатат. Прокуратура өз ишин аткарып, көзөмөлдөө жүргүзүүдө. Ооба, баары 100 пайыз жоопко тартылды, иш жакшы нукта баратат деп айта албайм. Бирок жумуштун жүрүшүндө жылыш бар. Эгерде Апрель окуялары боюнча сот процессин айта турган болсок, прокуратура өз ишин аткарып бүтүп, тиешелүү адамдарга айыптарын угузуп, сотко өткөргөн. Мен ойлойм, сот иштеринин жыйынтыгы менен күнөөлүүлөрдүн баары тийиштүү жазаларын алат.
Июнь окуясы боюнча, бүгүн, негизи, тергелип жаткан иштер өндүрүштө калбады десем болот. Анткени алардын көпчүлүгү такыр такталган эмес, айрымдары издөөгө жарыяланган. Кээ бир адамдар болсо биз жарыялаган издөөнүн негизинде бөлөк мамлекеттерде кармалып, азыр экстрадиция маселелери чечилип жатат.

Чыңгыз, Нарын:
– Мен кесибим боюнча юристмин, окууну артыкчылык менен бүткөм. Кантип мен сыяктуу карапайым үй-бүлөнүн уулу прокуратурага ишке орношсо болот?

-Негизи, прокуратурага жумушка кириш үчүн же коомдук жардамчы болуп иштеп, же былтыркы өткөн сынакка катышсаңыз болмок. Анткени ошол сынактын жыйынтыгы менен 81 бала өткөн. Мына ошол балдар акырындык менен жумушка орношуп келе жатат. Ошолордун көпчүлүгү кадимки эле карапайым кишилердин балдары экен. Андай сынактар дагы деле болот, бирок былтыркы сынактан өткөн балдарды жумушка алып бүткөн соң гана. Ал эми азыр сизде үйрөнүп иштей бериш үчүн коомдук жардамчы болуп киргенге мүмкүнчүлүк бар.

Аида Салянова айым www.super.kg сайтыбыздын колдонуучулары калтырган суроолорго да жооп берди.

adalsvards:
– Айымдарга караганда эркектер басымдуулук кылган мекемеде иштөө ыңгайсыздык жаратабы?
-Бир гана прокуратура эмес, жалпы эле айтайынчы. Мен көп мекемелерде иштегем. Аял-эркек, жаш-кары деген маселелер ыңгайсыздык жаратпайт. Мага эки жүздүү, акча, мансап үчүн адамдык абийирин сатканга даяр адамдар менен иштешүү ыңгайсыз.

Adikalon:
– Исхак Пирматовдун иши боюнча Жогорку Кеңештин чечимин кандай кабыл алдыңыз? Мындай чечим коррупцияга каршы күрөшкө бут тосуу эмеспи? Бул боюнча президентке жардам сурап кайрылдыңызбы?
-Президентке жардам сурап кайрылган жокмун, анткени жардам сурай турган деле жагдай түзүлбөдү. Президент өзү деле баарын байкап, баамдап отурган чыгар деген ойдомун. Кандай чечим чыгарат, бул парламенттин өзүнүн укугу. Мен азыр «парламент туура эмес чечим чыгарды» деп айтсам, мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбей калат.

– Бакиевдерди жана анын жан жөкөрлөрүн Кыргызстанга экстрадициялоо мүмкүнбү? Же ушул бойдон эле баары унутулуп калабы?
-Курманбек Бакиев боюнча биздин кайрылуубузга Беларусь өлкөсү бир нече ирет баш тартты. Биздин иш-аракетибизге алар «силердин куугунтугуңар саясатка байланыштуу болуп жатат» деп баа берип кутулууда. Демек, ал өлкөдө азыркы бийлик, президент Лукашенко иштеп турганда биз канча аракет кылбайлы, майнап чыкпайт. Ошондуктан менде «Бакиевди эртең эле бизге берип коёт» деген үмүт жок.

shasi:
– Мурунку Баш прокурор Кубатбек Байболов "экс-президент Роза Отунбаеванын бир тууган сиңдиси "Манас" университетине берилген жерди талашып, соттошуп жүргөн. Эжеси президент болгон соң сот процесси анын пайдасына чечиле баштады" деп айтып чыккан эле. Ошол иштин тагдыры эмне болгонунан кабарыңыз барбы?
-Биринчиден, бул жарандык иш, прокуратуранын буга эч кандай тиешеси жок. Бирок менде жалпы маалымат бар, Байболов мырза ушул маселени көтөрүп чыкканда биз да кызыгып караганбыз. Бул иш боюнча Жогорку Соттун акыркы чечими 2008-жылы Роза Исаковнанын сиңдисинин күйөөсүнүн пайдасына кабыл алынган экен. Ал учур Роза Исаковнанын оппозицияда жүргөн мезгили болчу. Демек, ошол мезгилде Жогорку Сот ошондой чечим чыгарган болсо, мен ойлойм, адилеттүү эле чечим чыгарган.

Агата Кристи:
– Менин эжем менен чогуу окуган экенсиздер. Ал сизди "адилеттикти сүйгөн кыз болчу, азыр кандай болуп калды экен?" деп калат. Мезгил сизди өзгөрттүбү?
-Эски тааныштар жолугуп калганда «сен ошол боюнча эле экенсиң» деп калышат. Бул мен үчүн жагымдуу. Мени көп жылдан бери көрө элек киши чын эле ойлошу мүмкүн, «министр болгон, азыр прокурор болуп иштеп жатат, башкача болуп калгандыр...» деп. Айтарым, адамда кенедей кезинен калыптанып калган жакшы сапаттары жоголбошу керек.

"СУПЕР-ИНФОДОН" СУРООЛОР

– Пирматов менен Шадиевдин акталышы Башкы прокуратура- Жогорку Кеңеш тиреши 1:0 эсебинде парламентарийлердин пайдасына чечилди. Ушундай күү менен жүрүп отурсак, мындан ары депутат, министрлерге карата козголгон кылмыш иштеринин орто жолдо калып кетүү адаты пайда болбойбу?
– Биринчиден, Пирматов дагы, Шадиев дагы акталып кеткен жок. Анткени актоо өкүмүн сот гана чыгарат. Бул парламенттин гана берген баасы. Бирок чындык деген чындык. Кандай болгон күндө дагы эл өз баасын берип жатпайбы азыркы учурда, туурабы? Пирматовдун иши боюнча биз парламенттин макулдугун ала албай калгандыктан, иш убактылуу токтотулат. Шадиев боюнча айтсам, анын учурдагы абалы тергөөгө эч кандай тоскоол боло албайт. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүүдө.

– Депутаттык комиссиянын ушундай аракеттерин эске алып, Башкы прокуратура мыйзамга өзгөртүү киргизүү сыяктуу радикалдуу кадамдарга бара алабы?
– Мыйзамга өзгөртүү киргизип коюу көп деле кыйын иш эмес. Бирок мыйзамдан мурун адамдардын аң-сезимине өзгөртүү киргизүү зарыл бүгүнкү күндө. Укуктук жактан алганда, биздин аң-сезимибиз абдан төмөн. Негизи, укук таануу бала бакчадан башталууга тийиш. Албетте, сөзсүз бала бакчадан адвокат же прокурорлорду тарбиялоо деген маселе эмес, укук деген эмне, адамдар бири-биринин укугун кантип сыйлашы керек, бирөө колу менен жасаган ишинин жазасын тартышы керек деген принциптерди биз кенедейибизден аң-сезимибизге сиңиришибиз керек. Ошондо гана жоопкерчиликтен качуу деген нерсени коомдо таптакыр жат көрүнүш катары калыптандыра алабыз.

– Депутат Алтынбек Сулайманов «Башкы прокурор өз алдынча иш жүргүзбөйт. Кесипкөй эмес, ал саясий буюртмаларды аткарууну токтотушу керек» деп айтып чыкты. Сиздин жообуңуз...
– «Бул жерде эч кандай саясий кызыкчылык жок» деп депутаттык комиссиянын справкасында так жазылган. Ошон үчүн Сулайманов эмнени сүйлөп жатканын мен билбейм. Ал эми кесипкөйлүк жөнүндө Сулаймановдун түшүнүгүн да такташ керек экен. Ал өзү кесипкөйлүк дегенде эмнени түшүнөт? Мен «Салянова эч качан прокурор болуп иштеген эмес, тажрыйбасы аз» дегендер үчүн айта кетейин. Мен мугалим болуп иштеп баштаганда эле укук сабактарын берчүмүн. Экинчиден, парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинде 11 жылдан ашык иштегем. Мыйзамдарды талдап, экспертиза жасап, көптөгөн мыйзамдарды жаздым. Жазган мыйзамдардын саны боюнча алдыма Өмүрбек Текебаев эле кетпесе, башка бирөөнүн чыгышы кыйын деп ойлойм. ЖКда иштеп жүргөндө кайрылып келген жарандардын, адвокаттардын колундагы тергөөнүн материалдарынын көчүрмөлөрүн талдап, өзүбүздүн оюбузду айтып, комитетке, парламентке алып чыкчубуз. Менимче, Баш прокурор болуш үчүн сөзсүз эле мурда прокурор болуп иштөөнүн зарылчылыгы жок.


БЕЙНЕ

«ХОР ЫРДАП, ВЕЛОСИПЕД ТЭЭП ЧОҢОЙДУМ»
– Нарында төрөлүп-өскөм. Чкалов атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн биримин. «Алтын балалык» деген балдардын хор ансамбли бар болчу. Ошол хордо ырдачумун, аны менен кээде Фрунзеге келип өнөрүбүздү тартуулап кетер элек. Окуучулук кезде велосипед тепкенди аябай жакшы көрчүмүн. Жазган ырларым, макалаларым Фрунзеде гезиттерге басылып чыгып турчу. Эсимде, 6-класста окуп жаткан маалда Фрунзеден алгачкы гонорарым барган, 1-2 рублдун тегерегинде. Ал кезде чоң акча эле да. Биринчи тапкан маянам деп аябай кубангам.
Атам коммуналдык чарбага эмгек сиңирген кызматкер, өмүр бою жол салып, мончо, мейманканаларды куруп, бак-дарак отургузуп кызмат өтөдү. Азыр персоналдык пенсионер. Апамдын кесиби мугалим, бирок социалдык тармактарда эмгектенип, ошол жактан пенсияга чыкты.

«ОКУУДАН КИЙИН ПРОКУРАТУРАГА КИРҮҮ ООР БОЛДУ»
– Мен юрист болом деп 2-класста эле чечип койгом. Азыр ойлосом, юрист деген эмне кесип экенин түшүнүп-түшүнбөгөн убагым экен. Кинолордон тергөөчү, прокурор, сотторду көрүп алып, ошолорго окшоп юрист болом деп кыялдансам керек да. Анан жылдан-жылга ал каалоону бекемдеп отуруп, кийин Фрунзеге келип кесиптик окуу жайдын укук таануу бөлүмүнө тапшырып, аны артыкчылык менен бүткөм. Андан ары университетти да кызыл диплом менен аяктап, бирок бир жылдан ашык прокуратурага жумушка орношо албай жүрдүм. Анткени ал кезде ачык сынактар жок болчу. Ошентип жүрүп, 1996-жылы Чүй университетине мугалим болуп ишке кирдим. Бир жыл өтпөй Жогорку Кеңешке жумушка алышып, менин мамлекеттик кызматтагы карьерам ушул жерден башталды.

«УУЛУМ ДА ЮРИСТ БОЛСОМБУ ДЕЙТ»
– Эки балам бар. Улуу балам Бакай азыр Кыргыз-Орус Славян университетинде 1-курста окуйт. Эл аралык факультетте, бирок азыр «юридика тармагына эле окусамбы?» деп ойлонууда. Кызым болсо кичинекей, быйыл, буюрса, 10 жашка толот. Жолдошумдун чакан бизнеси бар. Мен өмүр бою эле мамлекеттик кызматтарда келе жаткандыктан, бизди багып, шарт түзүп берип, үй-бүлөбүз үчүн жанын аябай иштеген жолдошум.
Жумуштан үйгө өтө кеч барам, ошондуктан алжапкыч тагынып ашканага кирем десем калп болуп калат. Үйгө барганда тамак даяр, баары жай-жайында болушу керек. Анын үстүнө мен үйгө көп учурда жумуштан кагаздарды көтөрүп барган күндөр болот. Жумушта деле иштей берсем болот, түнкү саат 1-2лерге чейин, бирок бир чети үйдөн иштегеним да пайдалуу. Кызымдын ары-бери чуркап жүргөнүн көрөм, сабактарына анча-мынча көз салып турганга шарт түзүлөт. Ошондуктан үй тиричилигине тиешелүү көңүл бурганга убактым жок. Мага жардам берчү кишилер бар, кемчилигимди билдирбей, жетишпей жаткан иштеримди бүтүрүп турган алтын апам бар. Менин эң жакыным, досум, кеңешчим, колума кол болгон жардамчым дагы апам.

Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аида Салянова: "Пирматов да, Шадиев да акталып кеткен жок" (1-бөлүк)
Аида Салянова: "Пирматов да, Шадиев да акталып кеткен жок" (2-бөлүк)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
mek-81kg
2012-04-16 10:57:32
мен юрист эмесмин бирок Салянованын баш прокурор болуп иштеши туурабы мыйзамга туура келеби дегеним.
0
saya4ka
2012-04-17 09:33:19
mek-81kg, А эмне себептен иштебеши керек сенин оюнча?
0
komp07
2012-04-17 18:30:18
эй туугандар ким эле ген. прокурор болуп кыйратып жиберди эле болгону ким иштен кетсе ошого кылмыш ишин козгошот же болбосо кичине жоошурагын карамашат ушул болгону
0
Debi
2012-04-19 09:48:42
Суйлогондору абдан орундуу, негиздуу болуп турат. Менин оюмча, ген прокурор ушундай болушу керек. Ушундай эле деп ойлогом да. Озгочо мобу создору жакты: Мыйзамга өзгөртүү киргизип коюу көп деле кыйын иш эмес. Бирок мыйзамдан мурун адамдардын аң-сезимине өзгөртүү киргизүү зарыл бүгүнкү күндө. Укуктук жактан алганда, биздин аң-сезимибиз абдан төмөн. Негизи, укук таануу бала бакча
0
Debi
2012-04-19 09:49:38
бала бакчадан башталууга тийиш. Албетте, сөзсүз бала бакчадан адвокат же прокурорлорду тарбиялоо деген маселе эмес, укук деген эмне, адамдар бири-биринин укугун кантип сыйлашы керек, бирөө колу менен жасаган ишинин жазасын тартышы керек деген принциптерди биз кенедейибизден аң-сезим
0
Kubanychbekkagan
2012-04-19 11:56:59
Алга Аида эже! Оппозициядагы акмактарга кулак салуунун керекги жок!!! Келечек алдыда, КЫРГЫЗ элим сиз тарапта!
0
ismail
2012-04-20 18:01:28
Бутундой бир мамлекетке башкы прокурор болуш оной эместиги талашсыз. Менин оюмча Аида эже дагы бышып жетиле элек, дагы тажрыйба топтошу керек. Келечекте Кыргыз элине коп кызмат кылчу адамдардын бири деп ойлойм. Иштерине ийгилик. Жараткан озу колдосун.
0
adilbekovich
2012-04-21 00:15:37
ишенбейм очередной эле марионеткасы бийликтин канча бийлик алмашпасын прокуратура окмотко коз каранды суроолорду прокурорго эмес адвокатка бергендей эле болуп калыптыр саясый суроолордон качканго
0
№ 493, 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан