“Жайдыр, кыштыр жайлоо жыттуу илеби,
Баласында бардык ою-тилеги.
Билбей жүрөм, кандай заттан бүттү экен,
Бизди тууган энелердин жүрөгү”,- деп акындарыбыз ыр саптарында жазгандай, энелердин жүрөгү башкача согуп, башкача жашайт эмеспи. Бүгүн белгилүү ырчы Динара Акулова энесин эскерет.
“ЭНЕМ МЕНИ 8 АЙЫМДА БАГЫП АЛГАН”
– 8 айга толгон кезимде эле энем мени багып алган экен. Энемдин аты – Асыл. Айылдагы кичине балдарды, келин-кесектерди эмдеп-домдоп коймой жайы бар эле. Айыл-ападагыларга кадыр-барктуу, токтоо, уз аял болчу. Шырдак оюп, кийиз жасап, сайма сайып, кийим токуп дегендей. Колунан келген өнөрүнүн баарын мага үйрөтүп койгон.
Мен мектепте окуп калган кезде үйдө энем экөөбүз эле калдык. Энем карып, таяк таянып калды. Ошондо анын үйрөткөн өнөрү бизге нан таап жегенге чоң жардам кылды. 7-8-класстарда окуп калган кезде айылдагы сеп берчү энелердин шырдактарын оюп берчүмүн. Кадимкидей азыр тойго чакыргандай бир күндө үч-төрт жерге чакырык алып, алардын шырдактарын оюп же ала кийизине оймо түшүрүп берип нан тапчумун.
“БЕШИНЧИ БОЛУП ТӨРӨЛҮП...”
– Мени баккан энем таенем болот. Анын эң кичүү кызынын кызымын. Мени таенеме берип койгондугу үчүн бир туугандарым, ата-энем менен чогуу болсом болмок деп өз апама далай жыл таарынып келгем. Эми таарынбайм. Анткени энесине таарынган адам эч качан жарыбайт. Тескерисинче, таенемден тарбия алганыма сыймыктанам.
“НАНДАРЫ УКМУШ БОЛЧУ”
– Үйдө экөөбүз эле жашаганыбызга карабастан, бир чара камыр жууруп, чоң-чоң 6-7 нан жабар эле. Жегенибизден калганын нанга муктаж үй-бүлөлөргө таратып берчү. Апамдын ошол ысык нандарын эстегенде азыр да көзүмө жаш тегеренет. Анын ысык, даамдуу нандарын аябай сагынам.
“ТҮМӨШҮМ ДЕП КОЙЧУМУН”
– Энемдин токтоолугу ушунчалык болчу, же бир катуу кыйкырып урушканын, же бир эзилип эркелеткенин эстей албайм. Жакшы көрсө да, урушса да, чочуса да Түмөнбай эле дей берчү. Жаш кезинде Түмөнбай деген кайниси артынан келип чочутуп жиберген экен, ошондон бери ушул сөз оозунан түшпөй калыптыр. Мен энемди ошол сөзүнөн улам аты Асыл болсо да, Түмөшүм деп койчумун.
“ЧЫМЧЫП ЖАЗАЛАГАН”– Эсимде, бир гана жолу катуу ачууланган. Уйду бададан тоскону барып, кыздар менен топ ойнойм деп аны өткөрүп жибериптирмин. Издеп жүрүп кечки саат ондор чамасында гана апийим талаадан айдап келдим. Келсем, энем отурган экен, унчуккан жок. “Динара, барып төшөктү сал да, тамагыңды алып кел” деди. Айтканындай кылып баарын жаңы эле бүтүрүп, жатар маал келгенде энем “келчи, менин жаныма отурчу” деп калды. Эркелетет экен деп барып жанына отурсам, бир билегимден катуу кармады да, “дагы ойнойсуңбу, ыя, дагы ойнойсуңбу?” деп туруп катуу-катуу чымчып кирсе болобу. “Эне, ойнобойм, ойнобойм!” деп жалдырап жатам. Колдору да катуу болчу. Өзү карыган болсо, урушканда качып кетип карматпайм да. Анан да “таарынып калсам, тамак бербей коёт” дедиби, айтор, ойнойм деп ушундай жаза алгам энемден.
“ОЙГОТКОНУ ЖАКЧУ ЭМЕС”
– Энем менин баш жагымда жатчу. Эртең менен саат алтыда ойгонуп алат да, башымдан сөөмөйү менен чукуп ойготот. “Энелүү эки тойду, аталуу алты тойду, тур эми” деп жүз кайталап отура берет жанымда. Анан бир аздан кийин “ай, баланчанын баласы кетти сабакка, түкүнчөнүн кызы эчак эле кеткен. Сен уйду качан саайсың да, сабакка качан барасың?” дей баштайт. Акыры туруп кетип калмайынча кутулчу эмесмин.
“МЕН ОКУУГА КЕТИП, ЭНЕМ ЖАЛГЫЗ КАЛГАН”
– 8-класстан кийин шаарга окуп кеттим. Энем айылда, үйдө жалгыз калды. Жуманын төрт күнү окууда, калган үчөө үйдө өтөт. Жума күнү түштөн кийин канчалык досторум менен сейилдеп келгим келсе да, короодо таягын таянып мени күтүп турган энемди элестетип үйгө жөнөйм. Келерим менен уй саап, тамак бышырмай, үй жыйнап, энемди жуунтуп, анын кирлерин жууйм. Баарын бүтүргөндөн кийин айылдаштардын шырдактарын оюп берем. Апам мага “баласың, бир аз эс алып, ойноп кел” деп бир да жолу айткан эмес. Шырдак шырып отура берип чарчайсың да. Кериле кетип “апо-у, далым ачышып кетти” десем, “эс алып ал” дебестен, “бар да, сарайдын үстүнө чыгып жумурткаларды терип кел” дечү. А мен чатырга чыгып алып "Асыл энем" деп кыйкырып ырдап кирчүмүн. Энем болсо "акырын, Түмөнбай, кошуналар угат" деп калчу.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg