Жогорку Кеңеште депутат Исхак Пирматовдун кол тийбестигин алууга кесиптештери каршы болушкан. Анда башкы прокурор Аида Саляновага да сөз берилген эмес. Бирок ведомство тергөө ар тараптуу жүргүзүлгөнүн белгилеп, анын жүрүшүндө жетишерлик далилдер бар экенин айтат. Төмөндөгү схемалардан "Кыргызнефтегаздын" "Кыргызмунай" ЖЧКсына мамлекеттик нефти продуктулардын арзан сатылганын көрүүгө болот.
2009-жылы “Кыргызнефтегаз” ААКсынан сатылган бензиндин орточо жылдык баасы 9,49 сомду (1 литр), дизель майдыкы 15 сомду (1 литр) түзгөн. Окшош сапаттагы күйүүчү майды саткан “Кыргыз Петролиум Компани” ЖАКсынын көрсөткүчү
1 литр бензинге 18,71 сом, 1 литр дизель майына 19,10 сом болуп турган. Ал эми “Газпромнефть-Азия” ЖЧКсынын баасы: 1 литр бензин – 20,42 сом, 1 литр дизель майы – 22,41 сом. Тактап айтканда, "Кыргызнефтегазда" бензиндин баасы 9-11 сомго, дизель майы 4-7 сомго чейин арзандатылып сатылган. Анын айынан, Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, мамлекетке 258 миллион сом зыян келген.
Бул мыйзамсыз ишмердиктин баары “Кыргызнефтегаз” ААКсынын экономикалык көрсөткүчтөрүнө таасир берип, 2009-жылы анын баланстык кирешеси 18,6 миллион сомду (2002-жылдан берки эң төмөн көрсөткүч) түзүп калган.