БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР

БЫЙЫЛ СЕЛ КӨП БОЛОТ...

  • Абдыганы Эркебаев Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
  • Эне менен баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин айтымында, кош бойлуу айымдардын 70 пайызы, ар бир экинчи ымыркай аз кандуу.
  • 14-апрелде өлкө ичинде “Республика” партиясынын жаштар канаты “Антицеллофан” деген аталышта ишембилик өткөрүшөт.
  • Депутат Чолпон Султанбекова Көркөм гимнастика федерациясына президент болуп шайланды.
  • Бишкекте 2000ден ашуун коомдук тамактануу жайларын көзөмөлдөө үчүн 12 гана санитар-эпидемиолог калган.
  • Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов: “Быйыл сел алуу менен жер көчкүнүн саны көбүрөөк болот”.
  • Орусиянын Борбордук банкынын маалыматы боюнча, эмгек мигранттары Орусиядан Кыргызстанга 2011-жылы
    1,5 миллиард доллар которгон.
  • Жогорку Кеңеш Эмгек кодексине өзгөртүү киргизди. Мындан ары 24-март кызыл күн катары белгиленбейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
monchok
2012-04-16 18:21:27
Жогорку Кеңеш Эмгек кодексине өзгөртүү киргизди. Мындан ары 24-март кызыл күн катары белгиленбейт. Анда 7-Апрель белгиленеби кызыл кун болуп?
0
№ 493, 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан