Коомчулук арасында “уюлдук байланыш үчүн бир кезде төлөп жүргөн 60 тыйын кайтат имиш” деген сөз тарады. Чынында, өкмөт уюлдук операторлордун сатуу салыгын 2,5 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдады. Бирок салыкка шылтоолоп байланыштын төлөм акысын кымбаттатпоо талабы менен.
Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариевдин айтымында, мунун эсебинен бюджетке 2012-жылы 500 миллион сом, келерки жылы
1 миллиард сом түшөт. Уюлдук операторлор салыкты абоненттеринин эсебинен чыгара баштайт да, байланыштын баасы кымбаттайт деген коркунуч бар. Өкмөт мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.