ОППОЗИЦИЯ ТАЛАСТА КИМГЕ ТАЯНАТ?

Жалал-Абадда 10-апрелде оппозициянын үчүнчү митинги болуп өттү. Бул ирет оппозиция өкмөткө он күн убакыт берип, коюлган 6 талап аткарылбаса, 21-апрелде Таласта митинг өткөрүшүбүз мүмкүн дешти.

ОППОЗИЦИЯНЫН ТАЛАБЫ КӨБӨЙДҮ
Митингдер уланган сайын талаптар да өсүүдө. Оппозиция алардын арасына башкы прокурор Аида Салянованы кызматтан кетирүү талабын кошту.
“Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров: Курманбек Салиевичке да үч талап коюлган: балаңды кызматтан ал, электр энергиясын арзандат, өкмөттү отставкага кетир деген. Ошолор аткарылбагандыгы үчүн ал бийликтен кетирилди”,- деди митингде. Адахан мырза минтип кайда, кимге, качан айтып жүргөнү белгисиз. Курманбек Бакиев президент болуп турганда Адахан мырзанын элди ээрчитип аянтка чыгып, ушул талаптарды жаңырта айтканын дегеле укпаптырбыз.
Атамбаев менен Бабановду чымчып сүйлөдү. Бакиевдин учурунда үлкөн аткаминерлердин катарын толуктап, вице-премьерликке чейин көтөрүлгөнүн унуткандай. Өзү унутуп салса унуткандыр, аны эл унута элек да! "2006-жылы "азыр элди митингге чыгарган адам – эл душманы" деп сайрачу" деп Адахан мырзанын ал күндөрүн Эмилбек Каптагаев эскертип өттү.
Анан да Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков “Баш мыйзамды 1993-жылдагы вариантка өзгөртүш керек, азыркы өкмөт кышка кам көрбөй, минтип элди жут тооруду” дешти. Эске салсак, бүгүнкү өкмөт жаңы жылдын алдында бекитилген, андыктан "кышка жетишерлик деңгээлде кам көрбөдү" деп дооматты ага чейинкилерге коюшса жарашмак беле? Өлкөнүн 4 ай мурунку бийлигинде өздөрү отурган жок беле?
Баш мыйзамды өзгөртүүгө келсек,Ата Журт” партиясы ушул Конституциянын негизинде ЖКга шайланып келбедиби? "Сөзүнө бекем турабыз дешсе, мандатты тапшырып, андан кийин Баш мыйзамды өзгөртөлү деп чыгышса болмок" дешүүдө серепчилер.

Бабанов: “БЕТМЕ-БЕТ СҮЙЛӨШӨЛҮЧҮ”
Оппозициянын ур-тепкиси Бабановго багытталгандыктан, Өмүрбек мырза аларды түз эфир аркылуу дебатка чакырды. Ташиев, Мадумаров менен Келдибековдун негиздүү дооматтары болсо айтышсын, ал каталарды оңдойлу. 20 жылда бүтпөгөн маселелер 3 айда чечилип калмак беле? Негиздүү дооматтары болбосо чыдап турушсун, жакын арада пландар, иштер аткарылат”,- деди.
Оппозициячылар сөзгө келишсе, чындап түз эфирге келишер. Бирок он күндүн ичинде алардын койгон талаптарынын аткарылышы күмөн жаратууда. Апрель окуясынын бешигине айланган Таластын эли оппозициянын митингин колдойбу? Таластан таяныч табышары азырынча бүдөмүк.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (55)
tynchtyk90
2012-04-18 21:11:20
Atambaevdin da Babanovdunda akybalyn korduk kim ekenin, kaida baratkandaryn ozdoru da bilbei turuwat bulardyn zamany oido tartsa oguz olot yldyi tartsa araba synat degendei bolup kaldy" bularga dagy kan4aga 4ein ubakyt beriw kerek 6 jylby? elestetip korunuzdor 6 jylda bular korunuktuu dele e4teke ozgorto alywpait jarym jylda 4oon ozgoruulordu kirgizse bolot ele, pensiany kotorduk deit' Akaev wailoogo bararda ailyk akyny 15% kotorgon BAkiev 2009 jyly wailoogo 4ein 30% kotorgon Atambaev 60% okwow.
+1
Nova
2012-04-18 22:15:29
Адахан менен Камчыбек экоо бийликте отуруп эмнени кыйратышты Бакиевке кошомат кылгандан болок эч нерсе кылган жок,озулору сасыганы аз келгенсип элди сасытып баштады кыйын болсо элим десе бийликте отурганда кылат эле да. Мен да ошондой деп ойлойм!!!!
0
Nova
2012-04-18 22:16:50
Иштеп эле атпайбы, кимдин убагында ушундай коррупция менен курошуу болду эле??? Акты ак деп караны кара деш керек да!!!
0
Nurtilek82
2012-04-18 22:56:24
Ушунчалык дагы бийликтегилерди жакшы корорунорду эми билип тообо кылып олтурам бири опозицияны калкаласа экинчиси окмотко кошомот кылат тообо. Болунбо кыргызым алар ким болсо дагы биз кыргыз элибизго же алар биздин уйубузго келип нан чай берип багып жатабы.
0
abduvali
2012-04-18 23:14:56
Ташиевди билбедим.бирок Мадумаровго ишенсе болгудай.
0
Kubanychbekkagan
2012-04-19 11:53:48
Бул экоонун жаны тынбады го чиркин. Бакиевдерди кайра алып келебиз деп акчасын алып алган окшойт какылыптап калгандарына караганда. Эми ошол карыз акчаны кайтарыш керек болуп жандары жай албай бийлик деп чуркап журуп ботинкелеринин таманы тушкону калды. Убагында Каркыраны казакка бакиев пулдаганда Адахан спикер болуп турган да чон салым кошкон. Ташиев бакиевдин арты менен министрликке жеткен. Билип койгула тошун каккылап патриотмун деген экоон, жерди саткан адам эч качан жыргаган эмес.
-1
jashaktivist
2012-04-19 16:00:01
Эхх, кайра эле Акаевти же Бакиевти алып келиш керек эле, ошол убакта да Россияда жакшы эле журчу элек. А тамбаев эл-аралык мамилелерди да бузууда. Кыргыздар бир жакшына Россиянын жарандыгын алып кичине болсо да кенири иштей баштады эле аттин. Атамбай аны да улантпай бутуруп Россия менен жаман абалда калууда.Деги эле ушунчадан бери Атамбай эмне жумуш жасады болду экен, эч корунбойт! Ар бир газета интернетти карайм бирдеке жасап калабы деп узулбогон умуттор менен бирок тилек ташты кабат дайыма.Эх.
0
jashaktivist
2012-04-19 16:06:07
Россиядан кетип эле калайын десем же жумуш беришпесе адис боюнча,барган жерин эле акча сураган. Дегеле кайда бара жатканыбызды да билбей калдым.Молдавияда президенттиктен качышат экен эч ким болгусу келбей, бизде олуп эле калышат президенттике тообо!
0
Aruna
2012-04-19 20:35:05
Кудай ай- качан тынч жашоо болот экен Кыргыз элинде. Бийликтегилер да кичине уялса боло. Элди нааразы кылбай. Бийлике чейин канча убада беришкен, эми убакыт бергиле деп турушса эл чынында эле нааразы болот да. План тузуп аракет кылышы керек эле, озулорунун колунан келбесе, адис чакырышса деле болмок. Ар мамлекеттен жардамга акча алып, плансыз иштете беруудон мурда ойлонушу керек эле. Эми да болсо кеч эмес аракет кылышсын. Бирок бийликтегилердин колунан бир нерсе келишине анчалык ишене бербей
0
Nara_zi
2012-04-19 20:43:55
Бийликке жаштар келиши керек деп, 2010 ж.,митингде канча деген жаштар каза болушту. Жаштарга орун бербей эле,оздору креслону талашып,бир-бирден ээлешип келе жатышат. Тообо!чачы агарып, суйлоор созун билбесе да отура беришет,кочукторун которбостон. Эл ичинде менмин дегендер толуп жатат. Ошолор келиши керек.!!
0
Nara_zi
2012-04-19 20:54:34
Бир жолу КТРКдан Алмазбек Атамбаевдин суйлогонун угуп, Аскар Акаевдин суйлогонуно окшоштурдум. Так-так,даана,маанилуу, кыска-нуска,маныздуу суйло да,бутур ары.! Бир суроого,он суроонун жообун берип отурбастан!
0
MiranA
2012-04-20 10:11:39
umgnur,
1. Далилсиз каралоо,
2. Адамдын жеке аброюна шек келтирүү,
3. Коомчулуктун оюн бузуп, саясий башаламандыкка үндөө.
Эрежелерди окуп келиңиз, 15 күн "мончого"!
0
kaniet
2012-04-20 20:44:05
Эгер азыркы бийликтин айынан РФадгы кыргыздар жабыр тартса ошондо коросунор нааразычылыкты!Элди азыр ким багып жатат, эл озу!
0
Argymak
2012-04-21 04:38:30
Америка.
Бийик домго чыгып алып. Мени уккула уккпасанар боюму таштайм. Мени приздент койгула.
Ме сага приздент.
Мага бир мллярд акча ме сага акча.

Кыргыстан.

Мени уккула мени укпасанар. Бул жерден боюму таштайм.
Уккла мени.
Таштасан таштачы кишин тажатпай.
0
nursultan_011992
2012-04-25 14:12:03
eger bul koalicya tarabasa elda tinchibayt intimakta ech kachan bolboyt !!bul koalicya eldi boloturgan boluyp tuzuldu
0
№ 493, 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан