Чаар баштыгын көтөргөн, үмүтсүз көздөр, же тескерисинче, "барсам эле бутума туруп кетем" деген эрдемсинген ойлор... Муну эмгек мигрантынын бейнесине сүртүм деп элестетсеңиз болот. "Баланча миң иштеп келдим" деп мактанабыз. Бирок анын артындагы кыйынчылык, көз жаш тууралуу эч кимибиз ооз ачпайбыз. Мындай жашоону жон териси менен сезген каарманыбыз Анипа эженин кыскача баянын өз оозунан угалы...
БАКЫТ ИЗДӨӨ ЖЕ АЗАПТЫН АЗГЫРЫГЫ
– 2005-жылы турмушка чыктым. Баш кошкондон кийин чыныгы турмуш башталат деген чын экен. Баш калкалаганга үйүбүз же туруктуу жумушубуз жок, бутубузга турабыз деген ой менен Орусияга жөнөп калдык. Менин ал жактагы жашоо жөнүндө эч кандай кабарым жок эле. Барсак эле укмуш жашап кетебиз, бутубузга турабыз деген баланын ою болуптур, эми ойлосом. Документим талапка ылайык болбогондуктан, (мурун эле кокустуктан паспортумду жараксыз кылып алган элем) "зайчик" болуп кетүүнү чечтик.
Биз жалдаган такси Казакстандын чек арасынан өтүп, бизди бир талаадан күтүп турду. Чек арадан кармалбас үчүн Красная Речка суусун түндөп кечип өтүүгө туура келди. Күйөөм экөөбүз кол кармашып алып суудан өттүк. Суу жаңы кирип баштаган учур экен, моюнубузга чейин жетип, муздактыгы сай сөөктү сыздатат. Жетелешип алып талаа аралап, жол боюнда күтүп турган таксиге жетип кийимдерибизди алмаштырдык. Ошентип, Луговое темир жол станциясына алып барып таштады. Минтип жол тапканыбыз менен, Орусиянын биринчи Петухово чек ара тозотунан документтерди текшерген учурда поездден түшүрүп салышты. Ыйлагым келип, ушундай ыза болдум. Күйөөм чек арачыларга ар кайсы шылтоону айтып жатып колдоруна акча карматып, анан жолубузду уланттык. Айтор, "жол азабы, көр азабы" болуп жатып эптеп көздөгөн жерибизге – Орусиянын Свердлов облусунун Екатеринбург шаарына жеттик. Оюмда батир жалдайбыз, жетсем эле жуунам деп бара жаттым.
Унаа жалдап шаардын сыртындагы көп кабаттуу үйлөргө барып түштүк. Бизди үч жигит тосуп алып кичинекей вагонго киргизишти. Үстү-үстүнө коюлган төрт керебет, бурчта тамак жасай турган плита... Ичимден "и-ий, бул байкуштар ушул жакта кантип жашашат?.." деп коём, өзүмдүн да жашай турган үйүм ушул экенин билбей.
Күйөөм тааныштары менен курулуш жаатында иштеп жүрдү. Менин кылган жумушум – бир маал тамак жасап коюп күнү кечке салынып жаткан көп кабаттуу үйдү кыдырып жүрүү. Шаар аралап кенен баса да албайт элем, "милиция кармап кетет" дешкенинен чочулап.
Бир айдан кийин Бишкектен кайын сиңдим курбусу менен келди. 7 адам ошол кичинекей вагондо тыгылып жатабыз. Анан жата бербей иштейли деп алар менен биргеликте жумуш издөөгө кириштик.
"АКЧА, ДОКУМЕНТТЕРДИ ИЧ КИЙИМИБИЗГЕ КАТЫП АЛЧУБУЗ"
– "Мак-Пик", "Сан-Дэй" аттуу тез тамактануучу жайдан жумуш таап, идиш жууп иштеп калдык. Таң эрте кетип, түн бир убакта келмей. Паспорт, акчаларыбызды дайыма ич кийимибизге бекитип жүрчүбүз. Анткени милиция же такырбаштар ур-токмокко алып, тоноп кетет деп коркчубуз.
Бар күчүн салып иштеп жүргөн күйөөмдүн 4 айлык маянасын кожоюну бербей, ал жактан чыгып кетти. Кийин биз иштеген жерге жүк ташуучу болуп жумушка орношту. Кызыгы, биз айлык алган күндү жергиликтүү милиция кызматкерлери беш колундай билишчү. Кадимкидей аңдып, кармаганын камап, ур-токмокко алып, коркутуп акчабызды тоноп алган учурлары көп эле.
Эсимде, ар бир шаршемби, бейшемби күндөрү биз жашаган жерден Кыргызстандан келе жаткан поезд өтчү. Анын үнүн угуу же көрүү мен үчүн бир чоң ишке айланган. Улам өткөн сайын куса болуп, ата-энемди, туугандарымды сагынып ыйлачумун. Көрсө, алыс жерде жүргөндө гана билет экенсиң, жериңдин, элиңдин, жакындарыңдын баркын.
Көр оокаттын айынан ошентип идиш жууп иштеп жүрдүм. Бир күнү крандан муздак суу акпай калды. Идиш болсо толуп кеткен. Мындайды чоңдорубуз көрүп калса иштей албайт деп дароо жумуштан айдап салчу. Жумушсуз калбайын деп ысыгына карабастан жууй бердим. Эртеси күнү эки колум кызарып, ачышып, алоолонуп чыңалып чыкты. Көрсө, аябай эле күйүп калыптыр. Терисинин баары сыйрылып, жумушка барбай калдым. Ошондо жаным көзүмө көрүнүп кыйналганымды сураба!
Күндөрдүн биринде вагонубуздан да чыгарып салышты. Анткени күйөөм курулушта иштебей калган. 20дай кыргыз орус кемпирдин бир бөлмөлүү, көчкөнү калган үйүндө киши башына 1 жарым миң рубль төлөп жашай турган болдук. Ал жактан ар кандай адамдарды көрүп, жашоодон түңүлүп да калдым.
Бир тааныш эже чай сатып иштеп жүрүп, өзүнүн эки келинин чакыртып алган эле. Бир аз убакыттан кийин келиндери тажик жигиттерди киргизип алышса болобу! Тим эле иренжийсиң!
Жумушсуз калып, көчөдө селсаяк болуп кеткен кыргыздарды көрүп да бооруң ачыйт. Кыскасы, ал жакта жашоо өтө татаал, аны мен жон терим менен сезип келдим. Орусияда, болгону, 7 ай жашадым, анын ичинен 4 ай иштедим. Документимдин убактысы да бүтүп калды, 7 айлык боюмда бар. Кыйналбай мекениме кайтууну чечтим. Жумушума барып акыркы айлыгымды алып келе жатсам, алдымдан биринчи жолу милиция чыкты. Ой-боюма койбой "обезянникке" алып барып камап салды. Бир нече сааттан кийин челкейген курсагымды көрүп, "болгонун бер, коё берели" деди. Чөнтөгүмдөгү 500 рублду карматтым. Ошентип, эркиндикке чыктым. "Мындай жашоону желкемдин чуңкуру көрсүн" деп мекениме кайттым. Ал жактан көргөн күнүм мага турмуштук сабак болду. Өзүмө "эч качан туулуп-өскөн жеримден кетпейм, ушул жакта эле иштеп, тапчумду табам, өзүмдү багууга кудуретим жетет" деп сөз бердим. Баарынан күлкүлүүсү, кыйналып-кысталып 4 ай иштеп 12 миң рубль алып келгеним болду. Мындай акчаны кыйналбай-этпей эле Кыргызстандан тапсам деле болчу экен.
Окурман, көптөгөн мекендештерибиз чет жерлерде иштеп жүрүшөт. Биз мигрант маселесин, ар кыл тагдырларды ар бир саныбызда жарыялап туралы деп чечтик. Кимдир бирөөнүн башынан кечирген окуялары башкаларга сабак, балким, туура чечимге келүүгө түрткү болот деп ишенебиз. Эгер сиздерде да ушундай окуялар болсо, биз менен koom@super.kg электрондук дареги аркылуу байланышсаңыздар болот.
«Супердин» сурак бурчу
Чет өлкөдөн бакыт издөө жөнүндө ойлондуңуз беле?
Махмуд Кочканов, студент:
– Учурда чет өлкөгө кетсемби деген оюм бар. Бир-эки жыл иштеп келсем, буюрса, келечегимдин пайдубалын түзүп алам деп ойлойм. Ата-эне, бир туугандарыма жардам берип, үй-жай күтсөм деп жумуштарды сураштырып жүргөн убагым.
Айжамал Акыл кызы, студент:
– Окуумду аяктасам эле Швейцария, Англия же Германияга магистратурага тапшырайын деген максатым бар. Биология жаатында билим алып, кийин өз мекениме салым кошсом деп ниеттенип жүрөм. Менин негизги максатым акча табуу эмес, билим алуу. Себеби күчтүү адистер кайда болсо да жумушсуз калышпайт.
Эсенбек Өмүралиев, пенсионер:
– Илгери аскер кызматын өтөгөндө барган элем. А чет жактан бакыт издөөнү ойлогон да эмесмин. Бирок 4 жыл мурун уулумду Италияга иштегенге жибердим. Кудайга шүгүр, жакшынакай иштеп, эл көрүп, жер көрүп, бизге жардам берип, жашоо-турмушубуз оңолуп жатат. Мунун эмнеси жаман?
Мая Куранбаева, үй кожойкеси:
– Мен Орусияда 5 жыл иштедим. Азыр, угушума караганда, мигранттарга кысым көп жасалат экен. Мен иштеп жүргөндө анчалык эмес эле. Баарын басынтып, эркиндик дегеле жок деп угам ал жакта. "Акча салгыла, кайра кеткенге акчам жок" деп келе албай жаткандар канча?
Мамыралы Эшпаев, убактылуу бош:
– Союз убагында чет өлкөгө кетүү тууралуу эч кимде ой болгон эмес. Ал учурда келечегиң кандай болорун билчүсүң. Ошондуктан менде чет өлкөдө иштейм деген ой болгон эмес. Жашоо-турмуштун оордугунан учурда жаштар чет өлкөлөрдө иштөөгө аргасыз болушууда.
Акбермет Русланова, студент:
– Башка өлкөдөн бакыт издейм, иштейм деген ой мага такыр келген эмес. Менимче, аракеттенсең өз жериңде, өз элиңде эле ийгиликке жетип, бутка турууга мүмкүнчүлүк бар. "Бөтөн элде cултан болгуча, өз жериңде ултан бол" дегенге кошулам. Баары адамдын аракетинен
көз каранды.
Бексултан Качкынбаев, студент:
– Мындай ой менде бар. Келечекте Германияга барып келсемби деп турам. Анткени бизде айлык акы аз, ошон үчүн жетиштүү турмушта жашоо мүмкүн эместей туюлат. Биздин жарандар деле жыргаганынан чет өлкөлөргө кетип жатышкан жок да.
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg