GPS-ТРЕКЕР МЕНЕН МАШИНАҢЫЗ ЖОГОЛБОЙТ

Автоунаа кайда, кандай ылдамдыкта баратканын аныктап берчү заманбап аспап тууралуу уккансызбы? Учурда алардын жардамы менен ата-энелер тентек балдарын тизгиндеп башташты. Адам, автоунаа, жаныбар жана башка объектилерди көзөмөлдөөчү GPS-трекер деген түзүлүш тууралуу маалымат бермекчибиз.

GPS-ТРЕКЕР БУЛ – ...

... автоунаалардын кароолчусу, көзөмөл жүргүзүп туруучу аспап. Аны автоунаадан тышкары адамдарга же башка объектилерге да орнотууга болот. Объекттин так ордун аныктоо үчүн GPS (Global Positioning System – ээлеген ордун аныктоочу глобалдык система) колдонулат. Трекер спутник технологияларынын негизинде иштейт. Ал спутниктен берилген толкундарды кабыл алып, маалыматты GPRS түйүнү аркылуу серверге (башкы компьютер) жеткирет. Сервер адатта компанияга таандык болуп, маалыматтарды кардарлардын компьютерлерине жөнөтүп турат. Кардар компьютерден карта аркылуу объекттин ордун, кыймылын көрө алат.

КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

GPS-трекер көбүнчө коммерциялык компанияларда транспортту максаттуу пайдалануу үчүн колдонулат. Анткени ал автоунаага толук көзөмөл жүргүзүүгө шарт түзөт. Муну менен айдоочулардын “солго” басуусунун алдын алып, май үнөмдөлөт. Бул аспаптын дагы бир үстөмдүгү – ал ишенимдүү кароолчу болуп берет, башкача айтканда, уурулардан сактайт. GPS-трекер орнотулган (адатта кайда орнотулгандыгы жашыруун сакталат) автоунааны уурдоодон пайда жок. Көп узатпай эле таап алышат. Ошондой эле GPS-трекердин жардамы менен автоунаа эле эмес, андагы баалуу жүктү же болбосо жакын адамдарды коргоого болот.

ЖАКЫНДАРЫҢЫЗ ДАЙЫМ ЖАНЫҢЫЗДА

Адамдарга көзөмөл жүргүзүп туруучу, күнүмдүк турмушта колдонууда абдан ыңгайлуу болгон персоналдык аспаптар бар. Мисалы, кол саатка орнотулган GPS-трекерлер. Балдарга сатып берип, саат кылып тагып коёсуз да, сутка бою балаңыз кайда жүргөнү тууралуу биле аласыз. Персоналдык трекерлер адамдардан тышкары үй жаныбарларына да көзөмөл кылууга арналган. Ошондой эле кээ бир уюлдук телефондордо GPS-трекер бар.

GPS-ТРЕКЕР КЫРГЫЗСТАНДА

  GPS-трекерлер бизде да жайылууда. Маалымат алуу үчүн Бишкекте трекерлерди сатуучу «Decoder+» компаниясынын адиси АЛАН АБАКИРОВго кайрылдык.

– Биринчиден, өзүңүз жана эмгектенген компанияңыз тууралуу айта кетсеңиз? Кесибиңиз ким?
– ЖОЖдо бизнести башкаруу багытында билим алгам. «Decoder+» компаниясында иштегениме бир нече айдын жүзү болду. Бул жакка заманбап технологияларга болгон кызыгуум алып келди. Жамаатыбыз абдан ынтымактуу, заманбап экенин айта кетпесем болбос. Анткени заманбап системалар менен иштейбиз. Биздин компаниянын башка компаниялардан өзгөчөлүгү – өз серверин жана программалык камсыздоосун колдонот. Лицензияланган жана текшерилген гана аспаптарды орнотобуз.

– Кардарларыңыздардын негизги бөлүгүн кимдер түзөт? Кыргызстанда трекерлер популярдуубу?
– Такай кардарлар, негизинен, коммерциялык компаниялар. Жеке адамдар да кайрылып калышат. Популярдуулугу боюнча айтсам, бул технологиялар бизде жаңыдан өнүгүп келе жатат.

– Мисалы, күйөөлөрүн аңдыш үчүн кайрылган айымдар болду беле?
– Мм… Теориялык жактан караганда, трекерди андай максатта колдонуу мүмкүн, бирок бизде андай учурлар кездеше элек.

– Өзүңүздөр ушул аспаптарды колдоносуздарбы?
– Ооба. Мисалы, автоунаама уурулардан сактануу үчүн орнотком. Ата-энем кичинекей иним сабакка барып жатабы-жокпу билүү үчүн трекери бар кол саат алып беришкен.

– Трекерлер кайда жасалат?
– Көп эле өлкөлөрдө жасалат. Биз, негизинен, АКШ, Кытай жана Орусиянын продукцияларын сатабыз.

– Баалары канча? Көлөмү кандай болот?
– Көлөмү түрлөрүнө жараша ар түрдүү болот. Эң кичинеси ширеңкенин кутучасындай, ал эми чоңдору орточо китептин чоңдугундай. Колдонууда уюлдук телефондордой эле ыңгайлуу жана алмаштыргыс. Авто-трекердин да, персоналдык трекердин да баалары 8000 сомдон жогору.

– Орнотуу жана абоненттик төлөм канча турат? “Кайсы жерине орнотулганы айтылбайт, жашыруун болот” деген чынбы?
– Ооба, трекерди орнотуу кардардын каалоосу менен болот. Эч бир адис таба албагандай кылып орнотуп бере алабыз. Биздин компанияда орнотуу бекер, абоненттик төлөм колдонулушуна жараша келишим баада.

– Адамдын ден соолугуна зыян жагы барбы? Кол саат-трекерлерди алсак...
– Жок, трекерлер ден соолукка эч кандай зыян тийгизбейт, ал илимий жактан далилденип жана колдонуучулар тарабынан тастыкталган. Эгерде алар зыян болсо, иниме трекер-саатты тактырбайт элек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Ularbek.kg
2012-04-16 13:09:00
jakshi eken
0
Tareg
2012-04-17 02:27:33
menin da ejekeme aityp koe turgan ekenmin, jezdemdin mashinesine kadap kigonu :) :) :) hehe
+1
Amangeldi
2012-04-18 11:20:31
Жакшы экен. Машина алсам койдурам.
0
artik
2012-04-19 10:08:01
жакшы го адресинерди жазсанар и номер мага керек. Анын биз каерден коробуз машинабыздын каерде жургонун.
+1
Shekerbek
2013-01-10 14:22:58
шумдугун кургуууууур
0
nurbek_kg
2013-10-26 01:47:34
daaa emi ushintip olturup akyryndyk menen keniri tarayt anan ech kim ters jolgo baspai kalat ekej da ayaly kuyoosun almashtyra albai kalat kuyoosu da ayalyn almashtyra albai kalat sooonun eken da sol jaka baskandar azaiat eken uurular da azayat kudaiym buyursa hahahahaaa
0
nurbek_kg
2013-10-26 03:18:45
emnege menin kommentim ketpei jatat? urmattu super.kg saitynyn jetekchileri karap koisonuzdar jakshy bolot ele aldyna ala rahmat!!!
0
admin_media
2013-10-28 11:09:22
nurbek_kg,
Саламатсызбы! Бул жерге жазып жатасыз, демек баары жакшы элего деп ойлойм.
0
№ 493, 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан