Өнүккөн өлкөлөрдө адистигиң боюнча иштегиң келсе, дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгү тааный турган эл аралык дипломго ээ болушуң керек. Бул үчүн билим деңгээли жогору деп таанылган өнүккөн өлкөлөрдүн айрым жогорку окуу жайларынан билим алууга болот. Бирок баасы канча? Кандай артыкчылыктары бар? Кеп ушулар тууралуу уланмакчы.
ЖОГОРКУ БИЛИМ – ТАТЫКТУУ ИШ ОРУН
Өзүбүздүн ЖОЖдордон билим алып, өзүбүздө маяналуу жумуштарда иштөөгө болот. Бирок чет өлкөдө биздин дипломдор жараксыз болгондуктан, өз кесибиң менен чет жердеги ири компанияларда иштөөгө мүмкүнчүлүк жокко эсе. Ошондуктан жогорку маяналуу иш орунун каалаган жаштар чет жерден билим алууну көздөшөт. Андай окуу жайды ийгиликтүү бүткөндөр мыкты деңгээлдеги адистер деп эсептелинет. Эл аралык үлгүдөгү дипломдун ээси кайсы өлкөгө барбасын өз кесиби боюнча иш таап кетүүгө жана карьералык өсүүгө мүмкүнчүлүгү чоң.
ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ ЖОЖДОРГО ТАПШЫРУУНУН ЖОЛ- ЖОБОСУ
Дүйнөнүн алдыңкы окуу жайлары орто кылымдардан баштап негизделгендиктен, билим берүү сапаты жакшы бышып-жетилген. Мындай окуу жайлар Англия, АКШ, Австралия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө бар. Ошондой эле Малайзия, Кытай сыяктуу Азиядагы мамлекеттер дагы эл аралык үлгүдөгү диплом берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Советтер союзу учурунда аталган өлкөлөрдүн окуу жайларынан билим алууга кыргыз жаштарынын мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Чет өлкөдө окуу ал кезде жомок болчу. Эгемендикке ээ болгондон кийин чет элден билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жол ачылды. Бирок ал жактагы жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн даярдык керек.
АЛГАЧ ТИЛ МАСЕЛЕСИН ЖОЮУ КЕРЕК
Тактап айтканда, англис тилин үйрөнүү жана жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн ошол өлкөдөгү атайын даярдык программаларынан өтүү зарыл. Мисалы, биздин орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн Англиядагы ЖОЖго түз тапшыруусу мүмкүн эмес. Себеби биздин билим берүү менен алардын билим берүү системинде айырмачылыктар бар. Ал үчүн биздин мектеп бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн атайын даярдык окуусунан өткөн соң гана мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындай маселелерди чечүү багытында көп мамлекеттерде тил үйрөтүүчү жана жогорку окуу жайына тапшыруучулар үчүн даярдык окуу курстары негизделген. Биздин өлкөдө дагы англис тилин үйрөтүүчү курстар бар. Мына ошолордун кызматын пайдаланып же өз алдынча окуп, тил маселесин жоюуга болот. Тил курстарын окуп бүтүргөн соң чет жердеги жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн англис тили боюнча атайын программанын негизинде сынактан өтүүсү керек. Мындай сынактар "Эл аралык англис тили боюнча тестирлөө системи" ("IELTS – International English Language Testing System") жана "Чет тил катары англис тили боюнча тест – интернет негизинде тестирлөө" ("TOEFL-iBT – Test of English as a Foreign Language Internet-based Testing") деп аталат. Аталган сынактар англис тилинин деңгээлин текшерүү боюнча жазуу, окуу, оозеки жана угуу боюнча Бишкек шаарында белгиленген мөөнөттөрдө өткөрүлүп турат. Чет өлкөдөгү ЖОЖго окуу үчүн өз алдыңызча интернет аркылуу арыз жиберсеңиз же агенттиктердин кызматынан пайдаланып документтериңизди тапшырсаңыз болот.
БААСЫ КАНЧА?
Чет өлкөдөн билим алууга көп каражат талап кылынат. Кытай мамлекетинде 1 жылдык келишимдик окуунун баасы тандаган кесипке жараша 2 миң доллардан башталса, Малайзия өлкөсүндө 5 миң доллардан жогору. Ал эми Европа жана АКШ, Канада сыяктуу өлкөлөрдө 10 миң доллардан жогору каражат талап кылынат. Мындан сырткары жашаган жерге, тамак-аш, кийим-кече жана баскан-турганга да каражат керектелет.
СТУДЕНТТЕР ЖАНА ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН АТАЙЫН ПРОГРАММАЛАР
Тил үйрөнүү курстары
Тил үйрөтүүчү курстарда жаш өзгөчөлүккө чек жок. Чет тилин нөлдүк деңгээлден баштап үйрөтүү каралган. Мындан сырткары чет жердеги ЖОЖго тапшырууну көздөгөндөрдү сынактарга да даярдашат. Бул эле эмес, чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн документ иштерин бүтүрүүдө жардамчы болушат.
Ошондой эле мектеп жашындагы каалоочулар аталган курстардын алкагында ата-энесинин каражаты жетсе, чет өлкөлөргө атайын уюштурулган кыска мөөнөттөгү тил үйрөнүү окууларына барып келе алышат.
Жумуш жана саякат
Бул элдердин арасындагы маданият алмашуу программасы катары белгилүү. Мунун алкагында 4-курска чейинки жана жашы 24төн ашпаган жогорку окуу жайлардын студенттери каникул учурунда АКШ, Австралия, Франция, Германия, Италия, Испания, Греция, Чехия, Словакия, Румыния, Польша, Түркия жана башка чет мамлекеттерге барып, 3 ай иштеп тил үйрөнүп келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Аталган программага жогорку окуу жайында күндүзгү бөлүмдө окуган жана чет тилин билген студенттер катыша алышат. Программанын катышуучусу катары кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеп (ресторан, улуттук парк, дүкөн, мейманкана жана башка жайларда), ал жакка барып-келген чыгымды толук жабууга болот.
Окуу жана жумуш
Бул программа жогорку окуу жайын бүтүргөндөр үчүн түзүлгөн. Аталган программа чет өлкөдө чет тилин үйрөнүү жана стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Бул курс 2 бөлүктөн турат. 1-бөлүгүндө тил үйрөнүү үчүн окуу, ал эми 2-бөлүгүндө стажировкадан өтүү каралган. Тил курсун аяктагандан кийин өз адистиги боюнча жумушка кирүүгө болот. Бул курстардын алкагында иш берүүчүлөр менен алдын ала ишке алуу маселеси чечилет.
Мындай программанын негизинде иштеген өлкөлөр – Канада, Англия, Франция, Чехия жана башкалар. Программага катышууну каалагандардын чет тилин ортодон бир аз төмөн билиши жана оозеки сүйлөөшүүсү жакшы болушу керек. Ошондой эле жогорку билими жана аталган программанын 1-бөлүгүнө сарпталуучу чыгымды жабууга каражаты жетиштүү болушу зарыл.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg