ЧӨНТӨК ТЕЛЕФОНДУН «ДАРЫГЕРЛЕРИ»

Чөнтөк телефонсуз азыр жашообузду элестете албай калдык. Бүгүнкү биздин каармандарыбыз – телефон оңдоочулар бузулган уюлдук телефондорго “экинчи өмүр” тартуулашат. Бул заманбап кесипке жакындан үңүлүп көрөлү дедик.

“САМОУЧКАЛАР” КӨП
Кыргызстанда чөнтөк телефон оңдоочулар 2000-жылдары пайда боло баштаган. Учурда бул кесипти аркалагандар арбын. Мисалы, Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунда болжолдуу түрдө 100-150, “Беш-Сары” соода борборунда 100гө жакын, ал эми “Берекет-Гранд” соода борборунда 50гө чукул адам эмгектенет. Мындан тышкары өз алдынча күркөлөрдө оңдогондор да көп. Бүгүнкү күндө чөнтөк телефон оңдоочу адистер эң көп талап кылынган жана жакшы акча табуучу кесиптердин катарын толуктайт. Ал эми аймактарда өтө аз санда. Кызыгы, атайы окута турган курстар бар болгону менен, бул адистердин 90 пайызы өз алдынча үйрөнгөн адамдар болушат экен. Чет өлкөдө чөнтөк телефонду оңдоону окутуп-үйрөтө турган бөлүмдөр бар, ал эми бизде жеке үйрөтүүчүлөр, курстар жаңыдан пайда боло баштады. Кесипти аркалаган аялзаты биздин өлкөдө жокко эсе экенин байкадым. Эми баары телефонду жакшы оңдошобу? Анда бул кесиптин ээлери сырлары менен бөлүшсүн.

Алгач эле “Айчүрөк” соода борборунда чөнтөк телефон оңдоочу Элдар Иманкуловду кепке тарттым:
– 7 жыл болду, чөнтөк телефондорду оңдойм. Бул иш боюнча атайы билим алган эмесмин. Программист-электроник байкелер менен чогуу иштеп жүрүп үйрөнүп алгам. Күнүнө 5тен 10го, кээде жетишсек 20га чейин чөнтөк телефон оңдойбуз. Телефондун экраны бузула турган болсо, орточо баасы 200-300 сом болот. Кымбат телефондордуку 100 долларга чейин жетет. Тетиктерди табуу өзүнчө эле машакат. Көбүнчө Кытайдан, Эмираттан заказ менен дүң баада алып келебиз. Кээде оңдогонго болбой турган телефондорду тетик катары сатып алабыз. Көптөр түшүнбөй эле “жакшы оңдобопсуң” дей беришет. Бирок биз адамгерчилик менен өз ишибизди туура жасайбыз, адал акча алабыз. Бизде деле жаңылыштык болот. Кай бирде оңдойм деп жатып бузуп алабыз. Андай учурларда ордуна башка телефон сатып беребиз. Күнүмдүк окуялардан айта турган болсом, уурдалган телефондорду көп сатып келишет. Кытай телефондорун оңдоого болот, бирок тетиктери араң жан болгондуктан эптеп чогултабыз. Оригиналдардын схемасы оңой, бекемирээк.

Адистин кеңеши:
– Жаңы телефон алганда сөзсүз телефон кап сатып алган туура. Себеби телефон кап суудан, урунуудан сактайт. Оңдоочуга таштап, "алмаштырып салды же бир нерсесин туура эмес жасады" деген күмөнү болсо, атайын имараттын ичиндеги коопсуздук үчүн орнотулган видеокамерадан текшерип, билип алса болот.

 Кийинки сапарым “Берекет-Гранд” соода борборуна болду. Ал жакта Элдияр Баатырбеков аттуу жигит менен маектештим:
– Кесипти сотка сатып жүрүп эле ушул жерден үйрөнүп алгам. Кээде бир күндө бир да телефон оңдобой калабыз, ал эми кай бирде бир күндө 10 телефонго чейин оңдогон учурларыбыз болот. Көбүнчө кардарлар чөнтөк телефонунун экраны сынып, микрофону иштебей, шлейфтери бузулуп, сууга, жерге түшүрүп алып кайрылышат. Бир айда сөзсүз бир-эки кишиге оңдогонубуз жакпай урушуп-талашабыз. А эгер оңдойм деп бузуп ала турган болсок, анда төлөп беребиз, тагыраак айтканда, ошондой үлгүдөгү, эгер кардар макул болсо, башка үлгүдөгү телефон сатып беребиз. Уурдалган телефондорду биз документи жок болсо албайбыз, бирок алгандар деле бар. Кытай телефондорун оңдобойбуз. Аны оңдогонго али тажрыйба жетише элек. Кытай телефондорунун процессору күйүп кетсе эле бардык тетиктери жарактан чыгып калат.

Адистен кеңеш:
– Телефондун ээси оңдоп жатканда мүмкүн болсо, кетпей жанында карап турганы оң. Анткени телефон оңдоочу атайын болбосо да адашып тетиктерди алмаштырып алышы мүмкүн, балким, атайын алмаштырып салат.

 Карыбек уулу Канат, “Беш-Сары” соода борборунда иштейт:
– Мага чейин бул жерде байкем иштечү, анын жанында 3 ай отуруп үйрөнгөм. Кардарлардын телефондорунун кайсы жери бузулганына карата 100 сомдон 1000 сомго чейинки баада күнүнө 4-5 телефон оңдойм. Ал эми тетиктерди “Беш-Сарыдан” эле 30 сомдон баштап 500 сомго чейин сатып алам. Ар бир тетикке оңдоп берген кызматы менен чогуу эсептеп, үстүнө 50-100 сом кошобуз. Кардарларыма ушул кезге чейин оңдогонум жакпай калып нааразычылыктар же уруш-талаштар боло элек. Бирок жаңы оңдоп жүргөндө өзүмдүн телефондорумду бузуп алгам.

Адистен кеңеш:
– Эгерде телефон сууга түшүп кетсе, анда "алгачкы жардам" батарейкасы менен тетиктерин күндүн нуруна 5-6 саат кургатыш керек. Андан соң иштегенин текшерип, иштебесе, анда телефон оңдоочуларга алып барыңыз.

КЕРЕКТҮҮ ШАЙМАНДАРЫ:

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Чөнтөк телефондун "дарыгерлери"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
shamkol
2012-04-24 18:17:07
Булар менин кесиптесгтерим турбайбы.Ооба,телефон оңдоонун да өзүнчө машакаты бар.Бирок,кеебир кишилер такыр түшүнүшбөйт.
Негизинен Оңдогон баалар Окшош экен.Азаматсыңар!
Ушул супер инфондо Атайын телефон оңдоо адиси боюнча Форумдан тема ачып,бир-бирибизге жардамда болсок кесиптерштер жакшы болмок.Мен колумдан келген өнөрүмдү аябайт элем.
0
Edilbek.
2012-04-30 01:44:00
Маладец экенсинер булда бир онорго ишинерге игилик балдар
0
Riskul
2012-10-16 20:22:09
Bu da bolso ozun4o bir kesip.. Ishinerge iigilik. Ushul kesip menen jan bakkandar az emes.
0
jipara86
2014-02-20 12:37:01
бул кесип кыйын экен да.молодцы чыдап иштеп жаташышат
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан