ҮЧ ЭМ ТӨРӨЛҮП, ЫСЫМДАРЫ ЭЛ БАШЧЫЛАРДЫН АТЫНАН КОЮЛДУ

“Үч уулдуу болдук!” деп телефондон кабарлаган ата-эненин толкуп-ташып турган кубанычын тең бөлүшкүбүз келди. “Кыргыз калкы үч азаматтуу болду” дедим мен да сүйүнүп. Үч эм Бишкек шаарынын №2-төрөтканасында төрөлдү. Барып, бактылуу ата-эне менен баарлаштык.

Үч эмдин атасы Ырысбек Соодалиев:
  – Келинчегим УЗИге түшкөндө эле үч эм экенин айтышкан. 12-апрелде келинчегим мага үч уул белек кылды. Уулдарым келечекте кыргыз элине кызмат кылсын деген ниетте улуусуна Алмазбек деп азыркы президентибиздин, экинчисине Өмүрбек деп өкмөт башчынын, ал эми кичүүсүнө Бишкек шаардык №2-төрөт үйүнүн башкы врачы Азамат агабыздын атын ыйгардым.
Көргөндөр уулдарымды мага окшоштуруп жатышат. Өзүм да, келинчегим да эч жерде иштебейбиз. 5 жылдан бери шаарда батирде турабыз. 3 жаштагы кызыбыз бар. Шарты жок батирде балдарды кантип багабыз деп ойлоп жатам. Сууну алыстан ташып келебиз, бөлмөнүн ичи нымдуу. Ошол себептен жардам сурайт элек, тиешелүү адамдардан.
Наристелер операция жолу менен жарыкка келишкен экен. Бирок азыр балдардын да, эненин да абалдары жакшы. Алардын апасы Бүбүкалича буларды маалымдады:
– Үч уулума алмак-салмак мээрим төгүп, энелик бакытка балкып турам. Негизи, өзүм жактан да, жолдошум жактан да эгиздер бар. Жараткан берип койсо, келечекте үч эм кыздуу болгум келет. Азыр уулдарымдын да, өзүмдүн да ден соолугум жакшы. Бири 2 килограмм 700 грамм, экинчиси 2 килограмм 600 грамм, үчүнчүсү 2 килограмм 100 грамм салмакта төрөлүштү.
Үч баланы эмес, бир баланы багуу оңой-олтоң иш эмес. “Ар бир наристе өзүнүн ырыскысы менен келет” деп коюшат эмеспи. Алмазбек, Өмүрбек, Азамат өмүрлүү болушсун!

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Үч эм төрөлүп, ысымдары эл башчылардын атынан коюлду
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
zolotiwka
2012-04-25 12:25:48
Кордук жашаган жеринер аябай начар экен. Силерге бийлик жаржам береерине ишенем, Омурунор узун болсун
0
KGFRAU
2012-04-25 20:04:10
Oo Kudai maga dele berchi, jok degende poka biroonu, egiz bolboso da...Bardygy bar koldo, birok bashky bailyk, bakyt bolchu naristebiz gana jok.
0
Jama777
2012-04-26 09:53:26
Мен дагы 3 эм балалуу болгум келип жатат... кандай татынакай наристелер.. ах чиркин...
0
Shekerbek
2012-04-26 11:41:07
Jama777, мен дагы.ы.ы.ы..ы.ы.ы..ы.ыыы
0
jjlove
2012-04-26 15:37:27
Кичинекейлердин омуру узун болсун!
0
sabr
2012-04-27 02:06:23
субхан аллах жаратуучу кандай улук татыныкай наристелер
0
bekush
2012-04-27 13:18:54
Эми мамлекет аркулуубу же катардагы эле карапайым адамдардын жардамы аркылуубу айтор жашоо шарттарын жакшыртууга мумкунчулук тузулсо экен. 3 бала эес 1 баланы чонойтуп остуруу оной эмес...
0
jazel87
2012-04-27 16:07:55
Men videonu korup abdan kubanyp iylap da iydim omyrluu boluwsun,men da torop iydo balamdy bagyp jatkanym
0
jazel87
2012-04-27 16:09:14
I okmot jardam beret dep iwenem azyr 3 emes 1 bala baguu kiyin
0
Polukrovka
2012-04-28 16:55:50
оомииий да! мен да жакында торойм ......
0
kyiaz
2012-04-28 23:10:13
Кандай соонун а менин аялым да 3эм торосо кана эми.кудайым омурлору менен берген болсун.бирок ушундайлар кобойду окмот башчылардын атынан койгондору жакпады да мындан алдын да 3эм торолгон эле Алмазбек,Омурбек,Роза деп коюшкан эле падход кылгандай болушат го
0
Amirhanchikk
2012-04-29 14:35:08
Бешик боо бек болсун демекчимин уч эркектин ата-энесине. Омурлуу ден-соолугу таза болсун.
0
kekare
2012-04-30 09:04:49
Аскар. Курманбек.Алмазбек койсо болмок экен
0
moldomatov
2012-05-01 20:07:24
Кудай омурун берсин Алмазбек менен Омурбекке окшобой эле койсун
0
TaDi
2012-05-06 06:26:17
Allah ar kimge kotoro ala turgan gana oorduk beret,demek siz alardy buirusa 4onoitosuz dep iwenem alardynda yryskysy bardyr
0
solnyshko
2012-05-08 14:59:11
Кудайым омур берсин
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан