МЕКТЕП РЭКЕТИНИН УЧУ ТҮРМӨГӨ БАРЫП ТАКАЛАТ

“Мектепте рэкетчилик көбөйдү” деп коңгуроо кагып эле келе жатабыз. Бул жеке эле ата-эненин маселеси же запкы көрүп жаткан баланын, же мындай окуя катталган мектептин директорунун маселеси эмес. Бул – коомубуздун илдети. Баарынан жаманы – ал илдеттин кадимки көрүнүшкө айланып бара жатканы.

“БРАТТАРЫН” КАРЖЫЛАГАН ОКУУЧУЛАР
Учурда мектеп билим берүү башатына эмес, “балапан бандиттердин” очогуна айлангандай. Өздөрүнүн ич ара жазылбаган мыйзамдары бар. Кийинки учурларда эркек балдардын “разборкалары” бул жакта эле калып, алардан өспүрүм кыздардыкы ашып түшүп жатат. Абал коркунучтуу, бардыгынан мени таң калтырганы – түрмөнүн мыйзамдарын окуучулардын бизден мыкты билип алышканы. Өспүрүмдөрдүн лексиконунда “баланча братты билесиңби? Ал бизди крышовать этет” деген сөздөр көп.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жашы жете электер боюнча иштөө бөлүмү жүргүзгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында мектептеги рэкетчиликтин башында турган лидерлери жана топтордун бети ачылды. Ата-энелер, чөнтөгүңүздөрдөн чыккан акчанын түрмөдөгүлөргө кызмат кылары үч уктасаңыз түшүңүзгө кирбесе керек. Буга чейин “окуучулардан чогулган каражаттын чынжыры түрмөнүн “казынасына” барат” деп уктум эле. Мындай кеп бекер жерден чыкпаптыр. Мисал менен айталы. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жашы жете электер боюнча иштөө бөлүмүнүн жүргүзгөн иликтөөсүндө Бишкектеги №54-орто мектептин 9-11-класстарынын 6 окуучусунан турган рэкет тобунун бети ачылган. Алар өздөрүнөн кичинекейлерге салык салып жүрүшкөн. Чогулган акча лидерлердин колунан “авторитетке” өтөт (бул ар бир райондун башкарган лидери).
Ал 1990-жылы туулган Данияр (тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн каармандардын аты өзгөртүлдү) аттуу жигит экен. Колуна тийген акчаны Данияр андан ары узатып, өз кезегинде “браттарына” (аларды “братаны на воле” деп коюшат экен) жөнөтөт. Алар түрмөдө отуруп келген, ал жактагы кылмыштуу дүйнө менен байланышы бар адамдар. Ушундай жол менен мектеп окуучуларынан чогулган акча түрмөнүн “казынасына” түшөрүн билдик. Ачуу чындык ушундай. Учурда “авторитет” Даниярга каршы козголгон кылмыш иши тергөөдө.

5 МИҢ ДОЛЛАР БЕРИП, АСЫНГАНГА АРАКЕТТЕНГЕН
Мектептеги рэкетчиликтин айынан бир өспүрүм өз өмүрүн кыйганга аракет кылганы тууралуу уктум. Иш мындай болуптур. Баш калаанын мектептеринин биринде 9-класста окуган лидерлердин тобу бар. Көптөн бери алар өзү теңдүү, өзүнөн кичүү балдарга салык салып, ур-токмокко алып жүрүшкөн. Биздин каармандын чоң энеси каза болуп, андан калган үйдү сатып, тууган арасында акча бөлүштүрүлгөн экен.
Үйдөн тийген 5 миң долларды ата-энеси катып койгонун Азамат билчү. Өзүнө салык салынганда ал катылган акчаны чубап, рэкеттерге кармата берет. Сейфти ачкан ата-энеси 5 миң доллардан 100 доллар гана калганын көрүп, төбө чачы тик турду. Ата-энеси билип калгандан кийин Азамат асынганга аракет жасаган. Бактыга жараша, өз убагында көрүп калган ата-эне уулун сактап калган. “Эмнеге мындай жорукка бардың?” деген суроого “акча түгөндү, уюлдук аппаратымды да тартып алышты, менде башка арга калбады...” дептир. Муну уккан ата-эне Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылып, учурда тергөө-иликтөө жүрүп жатат.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жашы жете электер боюнча иштөө бөлүмүнүн башчысы Мелс Кадралиев:
– Мектеп рэкети акыркы жылдары күч алууда. Катталбаган фактылар да көп. Көбү арыз жазгылары келишпейт. Себеби ал тоногон же токмоктогон балдар менен бир райондо жашашат, бири-бирин жакшы таанышат же коркуп арыз жазбай коюшат. Камакка алынган балдардын арасында жүргүзгөн анализ боюнча алардын жашы 16-21 чейин жана рэкетчилик түшкү саат 13төн кечки 18ге чейин көп жасаларын байкадык. Балдардын акча жана уюлдук аппараттарын тартып алып, сабап коркутуу көп болот экен.

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КЕҢЕШ

  • Балаңыз тоноочулукка туш болсо, ал жөнүндө кеп козгобой же жашыруунун кажети жок экенин түшүндүрүңүз.
  • Балага кысым көрсөтпөй, билгизбей, бирок бардык иштеринен кабардар болуңуз. Ким менен, кандай чөйрөдө жүрөрүн акырын сурап билип туруңуз.
  • Үйдөн акча же буюм-тайым жоголуп жатканын байкасаңыз, кылдаттык менен текшергенге өтүңүз.
  • Балаңыз кеч келип, маанайы суз экенин байкасаңыз, себебин билүүгө аракеттениңиз.
  • Бул сыяктуу көйгөйгө туш болсоңуз, тиешелүү органдарга кайрылып, маселени аягына чыгарыңыз.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
janet
2012-04-24 22:34:43
порешать надо тех, кто замешан в этом!
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан