«Супер-Инфонун» 10 жылдык мааракесине карата коюлган байгенин ээси, Жети-Өгүз району боюнча жеңүүчү Гүлмира Кыдыралиева: «СУПЕР-ИНФОНУ» АЛГАНДА ТИЛЕК

– Эже, байгеңиз кут болсун! Белекти редакциядан эжеңиз алып кетти эле, сизге жеттиби?
 – Ооба, эжем алып келип өз колума тапшырды. Жакшы эле өзүм барам деп камынып жаткам, бирок ден соолугума байланыштуу бара албай калдым. Машинадан түшүргөндө оордугуна карабастан үйгө өзүм көтөрүп кирип кеттим. Кутусунан чыгарып жатып сүйүнгөнүмдөн көзүмө жаш тегеренди. Заманбап, жаңы үлгүдөгү нан бышыруучу меш экен. Ун, туз, ачыткы, май салып, суу куюп берсең эле өзү камыр жууруп, ачытып, нан бышырып берет экен.
– Утам деп ойлодуңуз беле?
– Негизи, гезитти тээ башынан ар бир санын калтырбай чогултуп окуп келем. Жума күнү Галя деген орус аял бар, гезит сатат, "подружка" деп коём, ошол алып келип берет. Атайын целлофан баштыкка салдырып алам да, үйгө алып кирип, жакшы тилектерди айтып, анан ачам. Эмнеге экенин билбейм, дайыма арт жагынан, "Супер- почтадан" баштап окуйм. Андан кийин башка макалаларга өтөм. Гезит маалыматка бай. Андагы ар бир макала кызыктуу, жөнөкөй тил менен жазылгандыгын баалайм.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан