Жалал-Абад
15-апрелде саат тогуздарда Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында бир эркек соода кылып иштеген аялын бычактап салган. Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Таалайбек Сусунбаевдин билдирүүсү боюнча, Сузак районунун Жийде айылынын тургуну мас абалында келип, аялынын артынан бычак сайган. Аялы жыгылып калгандан кийин, дагы бир нече жолу бычактаган. Натыйжада аялы окуя болгон жерде жан берген. Маалыматтарга караганда алар көптөн бери эле урушуп жүрүшчү экен. Учурда кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүрүп жатат.