Жалал-Абад
13-апрелде саат 16:00дөрдө Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Тектир айылынын жанында 44 жаштагы О.Ж. башкарып келе жаткан DАF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Хонда унаасы кагышып кеткен. ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, кырсыктын кесепетинен 8 киши каза болгон, алардын арасында балдар да бар. 3 киши жабыркап (арасында бир айлык наристе да бар), Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилген. Каза болгондордун баары Хонданын жүргүнчүлөрү.
Алдын ала маалыматтарга караганда, автоунаанын бири каршы тилкеге чыгып кеткен. Бул факт боюнча Токтогул РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ОИИБинин тергөө бөлүмү иликтөөдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.