Талас
21-апрель күнү Талас облусунун Бакай-Ата районунда Бакай атанын эстелигинин ачылыш аземи болуп өтмөкчү. Ачылышка Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев, Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева жана төкмө акындар Замирбек Үсөнбаев, Аалы Туткучевдердин катышуусу күтүлүүдө. Эстеликти тургузгандар Ауэз Ордобаев жана Нурбол Шырдаков аттуу Орусияда эмгектенген бакай-аталык жигиттер. Келген конокторго мал союлуп, сый тамак берилет.