Талас
"Кыргызстандын жаңы күчтөрү" кыймылынын "12-апрель күнү Таласта курултай өткөрөбүз" деген максаты орундалбай, уюштуруучулар эл тарабынан токмоктолгону айтылууда. Андан көп өтпөй "Ата Журттун" лидери Камчыбек Ташиев баштаган оппозиция да 21-апрелде кайрадан митингди улантышат экен" деген маалыматтар тараган. Булар боюнча Камчыбек мырза: "12-апрелде оппозиция Таласка эч кандай митинг өткөргөнү барган эмес. Ал эми ошол митингдин уюштуруучуларын кубалагандар "премьер-министр тарабынан каржыланган адамдар кылды" дешүүдө. 21-апрелде Таласта биздин митинг болору тууралуу маалыматтар да жалган",- деп билдирди.