КУТУРГАН КАРЫШКЫР АДАМДАРГА КОЛ САЛДЫ

Нарын

Нарын районунун Ак-Кудук айыл өкмөтүнө караштуу Шоро айылынын тургундары жуттан эптеп аман калып, мына эми жаз келди деп сүйүнгөндө кайрадан кайгыга батып турган учуру. 10-апрелден 11-апрелге караган түнү кутурма илдети бар карышкыр айылды аралап 17 короого кирип, төрт түлүк малдын далайын жара тартканга жетишкен. Ал эле эмес, бир кишиге тиш салып, мектеп курагындагы бир баланын бетин тытып кеткен. Бири – Жолочу Молдоисаев Бишкектин ооруканасына, ал эми мектеп окуучусу – Акжол Жумабек уулу Нарындын ооруканасына жаткырылган. Калган 5өөсү текшерүүдөн жана атайын тазалоодон өткөрүлүп, үйлөрүнө жиберилген. Нарын облустук травматология бөлүмүндө дарыланып жаткан Акжолдун айтымында, ал эртең менен саат алты жарымдар чамасында эшикке чыкканда карышкыр ырылдап келип бетин тытып алган. Аны кошунасы көрүп калып, ат менен кубалап, эл чогулуп акыры кармап, башын кесип республикалык лабораторияга жеткиришкен. Азыр Акжолдун акыбалы жакшы, 10 күн вакцина алып, 3 ай бою дарыгердин көзөмөлүндө болорун билдирди, травматология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кубанычбек Босеков.
Ветеринардык башкармалыктын башчысы Жалил Алыкуловдун айтымында, Шоро айылында 194 ири мүйүздүүгө, 2724 кой-эчкиге, 51 жылкыга эмдөө иштери өткөрүлүп, карышкыр кирген үйлөргө дезинфекция жүргүзүлүп, 83 ит, 32 мышык, 24 кой, 21 эчки жана 15 тоок атылды. Алар менен кошо байланышта болгон 12 адамдын 7өөсү ооруканага жаткырылып, кутурмага каршы каражаттарды (эмдөө) алууда. Ал эми ошол атылган малдын өлүгүн көмүү үчүн аң каздыралы дешсе айылда техника жок, жергиликтүү бийлик трактор жалдап келсе, ал дагы айылга жетип-жетпей бузулуп, айыл эли күрөктөп казышты. Өлүктөрдү чогултуу үчүн автоунаа да уюштурулган эмес, айыл чекесиндеги жерге арабага жүктөп келип аттырып, жапа тырмак баарылап көмүшүптүр.
Карышкыр 18 баш эчки, 29 баш кой, 4 баш жылкы, 4 ит жана 6 тоокту тиштеген. Анын ичинен 19 баш кой, 10 баш эчки өлгөн.

Алмагүл Турдалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
loredana
2012-05-14 02:06:15
ал малды комбой орттосо болмок емес беле, кийин кайра еле залакасы тийбейби?
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан