Чүй
13-апрелде Кемин РИИБинин жана ИИМдин Баңгизатынын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кемин районунда 64 жаштагы Чүй районунун тургуну кармалган. Аны тинтүү учурунда чөнтөгүнөн 1 килограмм 250 грамм гашиш табылган. Бул факт боюнча Кемин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.