МИТИНГДЕН ТАЖАГАН КАНЫБЕК ӨЗҮН ӨРТТӨП ӨМҮРҮН КЫЙДЫ

Ош

15-апрель күнү Ош шаарынын борбордук аянтында плакат көтөрүп турган адам өз өмүрүнө кол салып, өзүн өрттөп салганы тууралуу кабар коомчулукту кейитти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, өзүн өрттөгөн адамды көргөндөр биринчи эле өрт өчүрүүчүлөргө эмес, милицияга кабар беришкен. Жабыркаган адамды ооруканага жеткиришкенде денесинин дээрлик көп бөлүгү күйүккө кабылгандыктан, кечки саат 22:30да жарык дүйнө менен кош айтышты.
Иликтөөдө маркумдун Алай районунун МТФ участкасынын жашоочусу, 1947-жылы туулган Каныбек Сейитбеков экендиги такталган. Сейитбековдун көтөрүп турган плакаты кошо күйгөндүктөн, анда эмне деп жазылганы алгач белгисиз болуп жаткан. Кийинчерээк анын дептери табылып, анда төмөндөгүдөй жазуу болгону аныкталды.
"Менин өлүмүмдүн себеби – мени Кыргызстандагы митингдер тажатты. Эч кандай саясат токубагыла! Мен Бабанов менен Атамбаевге ишенем! Адахан Мадумаровдон үмүт үзбөйм! Лениндин жанында өрттөнгөнүмдү Ленин көрсүн! (ред. Оштун борбордук аянтында В.И.Лениндин эстелиги бар) Мен Лениндин, Бабановдун, Атамбаевдин, Мадумаровдун чындыгына башымды ием. Сураныч-керээз: чиновник-бектердин көрүстөнүнө кире беришке мындай деген лозунг жазып коюңуз: "Мен да сендей болчумун, сен да мендей болосуң, жаратылыштын мыйзамы ушундай тура" деген. Алайдын акиминен сураныч-керээз: мени Гүлчөгө коюңуз, Памир жолунун боюна мага эч кандай эстелик коюлбасын. Памир жолунун боюна лозунг жазып коюңуз: "Биз терең уйкуга кеттик, Алай тоолорунун тагдырын силерге тапшырдык" деген. Башка эч нерсе суранбайм. Мүмкүнчүлүк болсо, кемпириме медициналык жардам берип койгула?! Каныбек Сейитбеков, Алай-Гүлчө-МТФ. Акыркы суранарым, силерден, митинг кылбагыла, башымды ийип суранамын?! Кыргызстан жашаш керек да! Бабанов, Атамбаев, Мадумаровду сыйлагыла!"
Ушундай деп жазган пикет-митингдерден тажаган атуул керээз калтырып, көз жумуп кете берди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
mahabaha
2012-04-24 20:03:38
жаткан жери жайлуу болсун. эми аялына жардам беришсе экен унчукпай койушпай
0
ussofa
2012-04-24 23:46:44
тушунбойм чон эле киши ушундай кылабы?митингге чыкпайм десе чыкпай журо берет эле да опозиция эрдик кылып салгансып журот го элди кыйнап бутту..
0
nadirjan
2012-04-25 13:25:42
бул жакта баары эле саясатчы болуп кеткен, элге да танкалам, кылаарга иш жок эле митингге чыга беришет ошого конуп да алышты. Бироо келип эле "Силерди алдап жатат, кеттик митинг кылабыз" десе дуу коюп жоноп калышат, ким билет ал кандай максатта элди ундоп жаткандыгын, балким оз кызыкчылыгы учун элди пайдаланып жаткандыр. Бираз болсо даубакыт бериш керек, шайлап буто элек жатып эле кайра которулушко чыга бербей.
0
nazi25
2012-04-25 13:38:33
Чын журоктон баари бир.Омурунорду антип саясат учун кыйбай,Лаа илаха иллолох келмесин айтып олгонду баарыбызга насип этсин!Аллоху акбар!
0
Elit
2012-04-25 14:24:42
Эми анын жазып кеткен керээздери аткарылар бекен
0
Omur
2012-04-25 18:10:56
бечара киши! арты кайырлуу болсун, кудай куноолорун кечире корсун!
0
Omur
2012-04-25 18:12:17
Бийлик аны угуп сестенет дейсинерби? жооок сезип да койбойт коросунор го!
0
TolonturCN
2012-04-25 20:12:15
Mitinig, Piket ailanaiyn kyrgyzdar yrky, kyrky birikpegen elgen myndan otkon iritki, chiritki jok. mitinig, piketti birotolo toktotuu kerek, kyrgyzdyn tvp tamyrynda bolgon emes myndai iritki, chiritkiliktin otun jakkan mitinig, piket degender. saiasattyn japaiy korvnvshv dep tvshvnso bolot myndaidy, bashka tynch saiasiy jol menen onvgvp jatkan mamleketterde KG de ak it, kok itterdin talashyndai bolgon mitinig, piketti korso el kotorvlvp,japaiylyk kvch algan okshoit dep tvshvnvshot.
0
Zarina.S.1998
2012-04-25 21:23:54
митингге чыккандарда да бар да,бекер арак бир аз акча берип чыгып бергиле десе болду алданып аларга эмне азап...чыкпагыла!!!алданбагыла!!!жаны шайланып 100 кундук отчетту беришпедиби жыргап кетпесек да убактылуу чыдайлы созсуз жакшы болот деп ишенем!окмот бутуна турса баары жакшы болот!!!
0
aizadochka
2012-04-26 11:38:46
Байкуш киши, жаткан жери жайлуу болсун! Ушуга кунолуу митингдин башында тургандар, эл тажап бутту булардан. Ташиевге Атамбаев орун бошотуп берсин дептир жогору жакта. Эмне учун? Ташиев татыктуу эмес, элдин камын ойлобой, озунун кызыкчылыгын коздоп журот! Бийликке убакыт бериш керек, аз да болсо жылыш бар жана умуттоном! Кыргызстандын онугуп осушуно козум жетет! Ал биздин колубузда. Ал эми артка тартып жаткандар ошол эле ЖК дагы, саясий партиялардагы кээ бир эки жуздуу, алдамчы саткындар!
0
Shekerbek
2012-04-26 11:49:05
Аллах сакта!!! Буларга ишенгидей эмне булар кудай беле? Аркы дуйнодо жооп бересинер ар биринер озунор учун! Бирок оз жанын кыйуу жакшы иш эмес !!!
0
sob2012
2012-04-26 13:47:18
жаткан жери жайлуу болсун! саякатчылар оюнунарды токтоткулачы, карапайым элди эмнеге алып бара жатасынар!
0
nurkaa
2012-04-27 20:41:16
бир эмес жуз киши озун ортосо да биздин бийлик элди ойлобойт андан кийин дагы митинг болот. топтоп койгон акчаларын алып дагы качып кетише берет бийликтегилердин баары туп тамырынан озгортуу керек алардын тамырларынын учу да акча деп калган
-1
Mondur
2012-04-28 13:42:38
Танмын...
Саясат учун жанын кыюу...Озундой эле келбеттуу, ан-сезимдуу, озундой эле Жерди мекендеген инсандарга ишенээрин жазып коюп кете бериптир да..Алардын жасаган ишине анын омуру кыпындай да таасир бербешин ойлонбоду бекен..Эми тиги дуйнодо ошол саясатчы "сообунан" берээр бекен маркумга...
Эхх жаным кейиди, акылсыздык гана дегим келет. Убакыт баасын бергенге чейин "оз мамлекетин"-жубайын коргоп журо турбайт беле...
+1
Rustam25
2012-04-30 02:54:35
эч качан бул темпте кыргызстан онолбойт, карагылачы унивеситеттерде баарысы акча универ деле эмес мектептерде да акча коорупцияны жоебуз дешет биринчи ошол билим беруу булактарындагы харам нерселерди жоюп алсын, кичинекейинен акча менен бутургон бала чонойсо таза адам болуп чыгабы эч качан!!!
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан