– Ээ, анда айылдан Бишкекке келип, шоу чөйрөгө жаңыдан аралашып калган кез. Спорт Ордого бир концертке чакыруу алып калдым. Ичимден тим эле сүйүнүп алгам, толкунданганымды айтпа. Бир кезде алып баруучу “сахнада жаңы чыгып келе жаткан ырчы – Ильяз Андаш!” деп чакырып калды. Сахнанын ортосуна жетип, микрофонду кармаарым менен эле Султан Садыралиевдин “Сүйүү оту” деген ыры жаңыра баштаса болобу. Мен турам эмне кыларымды билбей, эл менен бетме-бет унчукпай тиктешип. Же тиги ыр токтобойт. Ыр жарымдап калганда гана менин ырымды коюшпадыбы. Көрсө, тиги музыка койгон орус улутундагы жигит экени аз келгенсип, Султан экөөбүздүн дисктерибиз окшош экен да. Ошентип, Султан менен чаташтырышып, көрүүчүлөрдүн бир тобу мен ырдап бүткүчө күлүп жатышты.