50 ЖЫЛДАН КИЙИН ЖЕРДИН ТАГДЫРЫ ЭМНЕ БОЛОТ?

Окумуштуулар Жердин коопсуздугуна олуттуу коркунуч алып келчү техникалык жана экологиялык кырсыктардын түрдүү версияларын жарыялашкан.

Ооба, прогресстин аркасы менен адамзат көптөгөн жетишкендиктерге ээ болду. Бирок жалпыбыздын үйүбүз болгон Жерге көп зыян келүүдө. Азыркы учурда эң негизги глобалдуу көйгөй Жердин экологиялык катастрофасы экенин эч ким талашпастыр. Келечекте Жер планетасын көптөгөн катастрофалар күтүп жатканы тууралуу окумуштуулар божомолдорун айтып, коңгуроо кагышууда (инфографикадан билип алсаңыз болот).
Жыл сайын 22-апрелде дүйнөдө Жер күнү белгиленет. Бул күнү Тынчтык коңгуроосу кагылып, адамзатты Жерде тынчтыкты сактоого, аны коргоого чакырат. Ар кандай экологиялык иш-чаралар өткөрүлөт. Ал экологиялык акциялардын максаты – Жер планетасын сактап калуу. Бүткүл дүйнөлүк "Жапайы жаратылыш" фондусу (WWF) Жер шарындагы табияты сакталып калган 200 экологиялык аймакты бөлүп көрсөткөн. Мына ушул 200 аймактын бири – кыргыз жери! Ал табияттын уюткусу болуп, адам баласын таза суу, таза аба, экологиялык таза тамак-аш менен камсыз кылып келет.

КЫЗЫКТУУ 5 ФАКТ
1) Жер – Күн системиндеги орун алышы боюнча үчүнчү планета, Жер тайпасындагы планеталардын ичинен диаметри жана тыгыздыгы боюнча эң чоңу.
2) Илимий маалыматтар боюнча, Жер болжол менен мындан 4 миллиард жыл мурун түзүлүп, андан кийин өзүнүн жалгыз спутниги – Айга ээ болгон.
3) Жердин 70,8 пайызы суу менен капталса, 29,2 пайызын кургактык ээлейт.
4) Экватор – Жердин борборун кесип өткөн сызык. Анын узундугу болжол менен 40 миң 75 чакырым.
5) Экватордун урматына Эквадор, Экваториалдык Гвинея жана Экваториалдык Африка мамлекеттери аталган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Ima12
2012-04-23 12:23:39
Alhamdulillahi rabbil a'alamiin. bugun emne bolot rten emne bolot,Al nerseni ALLAH' gana bilet!!!
0
samdax
2012-04-23 13:18:18
мунун баары аллахтын илими аллах таала бизге окумуштулардын тили м-н алдыдагы окуяарды эскертуу кылып айтып жатат жер карыды бир кун болбосо бир кун жер шаарынын да ажалы жетип келет буга биз ыйман келтиргенбиз.баарын аллах билет.
0
arnal0401
2012-04-23 14:18:48
Ар бир кыргызстандык бирден дарак эксе, акыр-чикир кайра иштеп чыгаруучу заводтор курулса абдан жакшы болмок
0
beka_beka.kg
2012-04-23 15:13:17
адамзат озунун кызыкчылыгы учун, ойноп кулуш учун эмнелерди гана кылбайт экенбиз.
0
Khagan
2012-04-23 15:25:25
Инфо-нын алдынкы 4 графасын жакшы билбейт экенмин. Бирок, 5 - графа менин кесибиме жакын экен, оюмду жаза кетейин.
1)Жер шарында климат мындан дагы жогорку жана томонку даражада болуп келген.Мындан чуу чыгаруунун кажети жок, бир гана климаттын озгоруу циклине карата адам баласы ынгайлашуусу керек.
2) Жер шарындагы климаттын озгоруусу менен коптогон калктуу пунктарда таза сууга болгон муктаждык осот, анын катарына БА олколору дагы кирет, демек келечектеги адам. проблемасы нефти эмес-с
+1
erali
2012-04-23 16:51:52
Ооба бугун буткул дуйнолук жер куну туугандар.Мени н да кесибиме тиешеси бар мен географ экологмун.Ар бирибиз кесибибизге карабай жер шарын коргоого салымыбызды кошуубуз зарыл.Жер бироо гана аны сактап калалы,корктондуролу,таштандыга комулуп баратабыз,токойлор суюлуп.суулар булганууда.Кыргыз жерин коздун карегиндей сактайлы ,анткени бизде антропогендик таасир онуккон олколорго караганда азыраак.
0
Karysh
2012-04-24 01:10:15
Кудайым озу сактасын бирок азыркы учурда эч ким коомду ойлобойт озунун кызыкчылыгы менен алек ичибизден жел чыгарып атканда да ойлонолу кимге зыян.
0
hstkind
2012-04-24 14:38:48
zima ne budet
0
u86
2012-04-25 00:46:15
Кененирээк жазбайсынарбы.
0
u86
2012-04-25 01:01:22
Баарынан космостук чаңы жаман экен.
0
yrysbek
2012-04-26 18:59:27
Тообо деп жашашыбыз керек!!!!!!
0
isana
2012-04-27 11:33:51
Баары бир Аллахтан!
0
ms-23
2012-04-28 21:42:19
жерди сактоо ар бир адамдын ыйманында болуш керек. Бирок баары ааладан 5 минутада эмне болуп кетет бир кудайдан.
+2
Kunnur
2012-07-25 02:49:43
Аллахым озу сактасын ыйман келтирели э мусулман бир туугандар бугун кандай кун болду эртеге кандай кун болот. Баардыгы жалгыз Аллахтан
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан