МЕССИ vs РОНАЛДУ:
Учурда футбол чөйрөсүндө “Месси менен Роналдунун кимиси мыкты?” деген суроо көп талкуу жаратары сыр эмес. Көпчүлүк ичинен бүтүм чыгарып, ким мыкты экенин аныктап койсо, биз гезит бетинде аныктоого тырыштык. Бул үчүн атаандаштардын майдандагы, жеке жашоолорундагы жана акча маселесине байланышкан ийгиликтерин карап көрдүк. Ким мыкты? Мыкты оюнчу, далай кыздын көз жашын төккөн мачо, никесиз уулдун атасы Криштиану Роналдубу же жаңы Марадона, табиятынан токтоо мүнөз жана пол жуугучтун уулу Лионель Мессиби?
Жыйынтыгында Месси 19 упай топтосо, Роналду 15 упайга жетти.
Ооба, колдон келишинче калыс баа берүүгө аракет кылдык. Азырынча жыйынтык ушундай. Ал эми келечекте да көптөгөн өзгөрүүлөр болору турган иш.
Бул атаандаштык тууралуу атактуу кесипкөй инсандардын да оюн билдик.
АДИСТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Пеле, 3 жолку Дүйнө чемпиону, расмий эмес түрдө футболдун падышасы:
“Ар бир доордун баатыры, өз таланты болот. Азыр болсо Мессинин убактысы келди. Ал – талашсыз түрдө дүйнөнүн мыкты футболчусу”.
Диего Марадона, Дүйнө чемпиону, расмий эмес түрдө футболдун падышасы:“Криштиану Роналдудай болуп футболдогу бардык ыкмаларды мыкты өздөштүргөн футболчуну көргөн эмесмин. Ал ыкмаларды орду менен жасап, коомчулукка ырахат тартуулай алат”.
Алмаз Чокморов, Кыргызстандын ХХ кылымдагы мыкты футболчусу:
“Мага Криштиану Роналдунун ойногону такыр жакпайт. Мессинин оюнун көрсө болот. Ал өзүнүн жогорку ылдамдыгы жана мыкты техникасы менен айырмаланат. Менимче, Месси мыкты”.
Муратбек Жумакеев, футбол боюнча КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу:
“Экөө тең чабуулдук сызыкта мыкты ойношот. Роналдунун лидерлик сапатына токтоло кетүүгө болот. Бирок, менимче, Мессинин деңгээли жогору. Ал бардык оюндун тагдырын чечип коё алат. Гвардиола ал үчүн ошондой мүмкүнчүлүк түзүп койгон. Анын Аргентинанын курама командасында клубдагыдай ойной албаганын ушул мүмкүнчүлүктүн жоктугунан дейт элем”.