ИТАЛИЯ
Ассоциациясы түзүлгөн жыл – 1898.
Лакап аты – "Скуадра адзурра" ("Көктөр командасы").
Башкы машыктыруучусу – Чезаре Пранделли.
Капитаны – Жанлуижи Буффон ("Ювентус").
Мыкты бомбардир – Рекордчу:
Луижи Рива (35), азыркылардан Алессандро Дель Пьеро (27).
Эң көп оюн өткөргөн оюнчусу – Рекордчу: Фабио Каннаваро (136), азыркылардан Жанлуижи Буффон (112).
Эң ири жеңиши – 9:0 эсебинде АКШны (1948-жыл, 2-август).
Эң ири жеңилүүсү – 7:1 эсебинде Венгриядан (1924-жыл, 6-апрель).
Жетишкендиктери – Европа чемпиону (өз үйүндө 1968-жылы) жана 4 жолку Дүйнө чемпиону (1934, 1938, 1982, 2006).
ФИФАнын рейтингинде 6-орунда турат.
КОРГОНУУ, КОРГОНУУ ЖАНА КОРГОНУУ
Италия – дүйнөдө жана Европада өзүнүн кадырлуу орду бар футболдук держава. Анын футболдук өлкөгө айлануусу футболдун Олимпиада оюдарына киргени менен байланыштуу. Италиянын Дүйнө биринчилигин 4 ирет утуп алганын билебиз. Ал эми "ЕВРОдо" "Скуадра адзурра" жолдуу командалардын катарына кирбейт. Алар Европа чемпиондугунун шампанын биринчи жана акыркы жолу 1968-жылы ичишкен. Ал эми команданын оюн стилине токтолсок, ага коргонуу менен каршы чабуул жасоого багытталган "катеначио" стили мүнөздүү. Анда эптеп бир гол кийирип, калган убакытты коргонууга "жатып" өткөрүшөт. 1 гол катыштыгында жеңип келген Италиянын бул жоругун "антифутбол" деп айыптагандар көп.
Италия тарыхый жеңиштер менен катар эле тарыхый футболдук ысымдарга да бай. Бул жаатта Сандро Маццола, Жанни Ривера, Жачинто Факкетти, Жанфранко Зола, Сальваторе Скиллачи, Роберто Бажжионун ысымдарын атай алабыз.
ЭМИ "ТАЗА КАНДУУ" ЭМЕСПИ?
2006-жылкы мундиалды уткан курам тараган соң Италия катардагы командага айланып калды. Команда оюнчулар менен катар сүрүнөн да айрылды. Учурда көпчүлүк ага ишеним артпай, "тайпада Испаниядан кийин ким чыгат?" дешүүдө. Аппениндиктердин башкы машыктыруучусу Дон Пранделли буга кошула: "Тайпа оор. Катуу атаандаштыкты Испаниядан эле эмес, Ирландиядан да күтүүдөбүз",- дейт. Ал эми "ЕВРО-2012ге" барчу курам тууралуу айтсак, жаштардан турган курамдын 90 пайызы Италия чемпиондугунда ойношот. Оюн тизгини Даниэль Де Россиге тапшырылмакчы. Ал командадагы башкы көйгөй – "Миландын" чабуулчусу Антонио Кассано менен испаниялык "Вильярреалдын" чабуулчусу Жузеппе Россинин жарааттары. Кассано жакында жүрөк операциясын кабыл алса, Росси далысынан алган оор жараатынан айыга элек. Сөз аягында курамга англиялык "Манчестер Ситинин" чабуулчусу, түбү ганалык болгон кара терилүү Марио Балотеллинин алынганын айта кетели. Анын келиши менен Италия "таза кандуу" команда болуп турду эле, ал да бузулду деп иренжигендер көбөйдү.