Пиар деген түшүнүктү шоу-бизнестеги продюсери, ырчы-бийчиси, куудул-"тамашоучусу", алпаруучу-ди-джейи укмуш эле үйрөнүп калган учур. Кээде өзү тууралуу айткан маалыматтарын танып же тескерисинче, кийинки эле маегинде "ээ, ошентип айтыпмынбы?" деп чыккандары бар.
ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ
Бул жигит алгач сахнага пиардын күчү менен чыгып, өркүндөп-өсүп кетти десек болот. Ал кездеги продюсери Канат Кадыржан экөө гезитке чыгыш үчүн курулай пиарларды ойлоп табышканы кийин белгилүү болбодубу. Канат менен Дайырдын ортосун кара мышык аралаганда гана "ал Дайырдын пиары болчу", "Канаттын саясаты" деп бири-бирине түртө салып отуруп бетин ачып коюшту.
Дайыр "бир ырчы кыз менен мамилелешмин" дей салып, кайра "киного тартылдым" деп кутулат. Кантсе да өң-келбети, жаштарга жага турган ырлары бар ырчы жигит азыр кара пиарга муктаж эместир...
"КЕҢЕШ" ТОБУ
Бул топ талаадагы гүлдөрдүн баарын ырдап бүтүп коюшту бейм. Гүлдү ырдайбы же карагатты жейби, балким, ак жамгырдын алдында туруп ырдайбы, "Кеңеш" тобу азамат. Өздөрү айтмакчы, ыйлап-сыктап, өжөрлөнүп жүрүп ийгиликке жетип отурушат. Бирок... Булар да пиар деген "жамгырда" кол чатырсыз жүрүштү окшойт. Анткени "машинабыздын үстүнө кымбат баалуу шакекти Гүлмиранын бир күйөрманы коюп кетиптир" дегенде астапыралла дейсиң да, эй!
Биринчиден, Гүлмиранын башы бош эмес, жанында дайым жүрөт го, Мүзүр деген күйөөсү ырдап.
Экинчиден, кымбат баалуу шакекти машинанын үстүнө азыркы заманда ким коймок эле?
Мейли, ишенебиз, кимде гана болбойт мындай окуялар?..
НУРЛАН НАСИП
Дайыр менен "ажыраша" элек жатып Нурлан Насип деген ырчыны колтугуна кысты эле Канат. Баягы пиарды экөөлөп мыкты өздөштүрүп алган да. Канат Нурланга да үйрөттү, ал "өнөрдү". Же тескерисинче, Нурлан алигиче билбейт пиарды. "Продюсерим айтты, демек, ооба дейм" деп тура берсе керек деген ойго такаласың. Күйөрманы жайнамаз, теспе бергенине го, ишенебиз, бирок кээде күдүк ой, күмөн саноону жаратпай койбойт.
Бир жолу кайсы бир телеканалга "Нурландын үйү" деп көрсөтүшкөн экен. Беш күн өтпөй эле өзүнүн эле сахналаштары "ал үйдө Нурлан жашабайт, агасынын, эжесинин үйү да эмес" деп айтып чыгышты. Нурлан ижарага үй алып көрсөтөбү же таежесинин үйүн көрсөтөбү, биздин ишибиз эмне? Болгону, баягы "кыңыр иш кырк жылда" дегенден Нукебиз алыс жүрсө дейбиз.
ЭХ, КЫЗДАР, КЫЗДАР!..
Шоу-бизнестин бойдок кыздары – Айнура, Айгүл, Фарида. Айнурага караганда сахнага Фарида менен Айгүл бир аз эрте келишти. Фарида го, бирин-серин клип тарттырса, Айнура клип тарттырмайдан озду экөөнөн.
А Айгүлчү? Жакшы да, Айгүлдүн бешенесине "Боз салкын" тасмасы чыгып калыптыр. "Ыйлай, ыйлай..." деп ырдаса, бир монтажчы кинону клип кыла коюп Кыргызстанга бир дүңгүрөп алды. Ошондон бери анын клип тартканын бирөө көрдүбү? Жок, албетте. Анан ошол учурда дүңгүрөп турган мезгили эле, пиарды колдонгонду билди.
Жигити улам машина алып берип, алмаштырып, сүзүп алып, кээде үйүнө ууру кирип, кыскасы, популярдуу ыры менен кошо өзү тууралуу маалыматтар октой учту.
Фарида да башкалардан кем калбай ооз тийип калды көрүнөт "пиардын мөмөсүнөн". Акыркы кезде Фариданын "машинамдын магнитофонун уурдап кетишти, бир ырчыны мен сабаттырып кеткен имишмин" деп өзү тууралуу имиштерди айтканын угуп калдык.
Айнура да азыркы замандын жакшы ырчысы. Үнү бар, комузда, керек болсо ооз комузда кол ойнотот. Клип тарттырат, ыр жазат. Бул кыз да "машинамды чагып кетти, комузумду уурдап кетти, милицияга кайрылдым" десе кантип ишенбей коёсуң? Анан кайра эле калпы чыга баштайбы же сөзүнөн кармалабы, түшүнүксүз, "кабарчылар менин машинама отуруп "и-ий, сонун экен машинаң, ай, айнеги кана?" деп сураганда ошентип айтып койгонмун" деп күнөөнү кабарчыга шылтаганга эптүү...
(Уландысы келерки сандарыбызда)
Толик сынчы
star@super.kg