Мирлан Абдулаев, актёр: «БАКТЫМДЫ ТАПТЫМ, ЭМИ ЖАЙ АЙДАЙМ»

Актёр Мирлан Абдулаев менен баарлашып калганымда "менин экинчи үйүм – машинам" деп айтканы бар. Бүгүн бул таланттуу актёр экинчи үйүнө айланган Lexus RX 300 үлгүсүндөгү машинасы тууралуу кеп салмакчы.

МИРЛАНДЫН ТЕМИР ТУЛПАРЫ

Үлгүсү – Lexus RX 300
Чыгарылган жылы – 1999
Түсү – Күмүш түстүү
Баасы – 12 миң доллар
Кыймылдаткычынын көлөмү – 2995 см3

– Саламатсыңбы, Мирлан? Эмне үчүн машинаң экинчи үйүң?
– Бойдок кезде жашоо ушундай экен, шамал кайда айдаса кете бересиң. Анын үстүнө кесибиме байланыштуу ар кайсы жакта жүрөм да. Ошол себептен машинамда кичинекей төшөкчө, жаздыкча, кийим-кечекке чейин бар.

– Канча жашыңдан бери рулдасың?
– 13 жашымда Жигулиге отургам. Ал апамдын машинасы болчу, бирок айдачу эмес. Көрсө, мага деп алынган машина экен. Ал эми атамдын машинасына тийчү эмесмин.

– Айдаганды кайдан үйрөндүң эле?
– Ар бир эле мырза техникага жакын болот. 13 жашымда эле машина айдаганга кызыккам. Машинага түшкөндө айдоочуну телмире карап, ар бир кыймылын жаттап алууга аракеттенчүмүн. Ошол кызыгуумдун артынан эле үйрөнүп кеттим.
18ге чыкканда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окугам, сатып алгандардан эмесмин.

– Күбөлүгүңдө кайсы категориялар бар?
– Азырынча "В" – жеңил машиналарды гана айдаганга укугум бар. Башында башка категорияларга да окуп койсомбу деп жүргөм. Бирок азырынча мага ушул эле жетишет.

– Өзүңдү "Шумахермин" деп эсептейсиңби?
– Жаш кезде газды жакшы эле басчумун. Азыр токтолуп калдым, жашоо бир келерин ойлонуп. Анын үстүнө жүрөгүмдүн ээсин тапкандан кийин келечекти ойлоп баарына кылдаттык менен мамиле жасап, өзүмдү да, өзгөлөрдү да абайлап калдым. Бактымды таптым, эми акырын айдайм. Трассадан кээде саатына 60 менен жүрсөм, ата-энем таш бакадайсың деп шылдыңдашат.

– Учурдагы машинаңа чейин канчаны алмаштырдың?
– 7 жолу алмаштырдым. Жигулиден кийин иштеп акча чогултуп, ата-энем кошуп отуруп Гольф алып аябай сүйүнгөм. Кийинчерээк бузула баштаганда ата-энем да оңдогонго акча бербей калышты, "өзүңдүн машинаң, эми өзүң бак" деп. Ошондон кийин эле улам кымбатыраак, бышыгыраак машинага алмаштырып отуруп, учурда ушуга токтолдум.

– Эмнеге дал ушул үлгү?
– Ыңгайлуулугуна карадым. Биздин аң-дөң жолдорго чыдамдуу, буюрса, үй-бүлөлүү болсом, салону да кенен. Бирок майды көп ичет. Ошол жагы эле кичине чөнтөктү кыйнайт.

– Жол эрежесин көп бузасыңбы?
– Чынын айтсам, көп деле бузбайм. Ушуга чейин эки жолу айдоочулук күбөлүгүмдү алдыргам. Биринде жол чырактын жанганын байкабай калсам, экинчисинде мени жол сакчысы токтотконун көрбөй өтүп кеткем. Анан ал артымдан кууп кармаган. Азыр бардык эрежелерди сактаганга аракет кылам. Бирок кээде жөө жүрүүчүлөрдү өткөрбөй калып айып төлөп калам.
Негизи, машина айдап баратканда телефон менен сүйлөшүү бир топ алагды кылат. Ошол себептен ушуга каршы бир жарнамалык ролик тартып жатабыз. Буюрса, жакында күбө болосуздар.

– Жол кырсыгына кабылган учурларың болду беле?
– Мындан бир жыл мурун бир такси келип сүзүп, айдоочусу чыгып алып мени күнөөлөп жатпайбы. Көрсө, ал мурда укук коргоо органында иштеген кызматкер экен. Менин бактыма ал көчөгө видеокамера коюлуптур. Ошентип чындык мен тарапта болуп, маселе жеңил чечилген.

– Эң узак жол тартканың...
– Алыс жакка машина айдап барууга моюнум жар бербейт, тажап кетем. Эң алыс барганым Ысык-Көлгө чейин болду.

– Маегиңе рахмат. Жолуңда дайыма жашыл түс жанып турсун.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мирлан Абдулаев: "Рулга 13 жашымда отургам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
meka_90
2012-04-23 12:50:30
Ох блииин мой любимый актер. Мирлан я вас...
0
tavsan
2012-04-24 04:04:14
takoi horoshenkiy...Uda4i Vam Mirlan!
0
AiTuShKa
2012-04-24 18:03:53
mm tak-to on horooooooshiy...no,inogda 4ut' zloi=D
0
zolotiwka
2012-04-25 11:57:42
молодец,но нужно уметь говорить и на кыргызском, родном языке...
0
nazi25
2012-04-26 13:38:26
zolotiwka, А сенчи?
0
Nora
2012-04-26 01:38:49
mne kajetsa uyat ele, ichken jegenin dagy, surap koisonor bolmok
0
тилек
2012-04-26 09:53:51
машиналуу болгон бакытпы????????
(мумкун кимдир бироолор учун)
Бирок мен учун эмес.
0
Love_kg
2012-04-29 14:00:26
мм лапочка )))
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан